Menu

Айгүл Асанбекова, Садыр Жапаровдун жубайы: “Атам Садырды күтүп, сагынып, куса болуп жүрүп өтүп кетти”

Бөлүшүү:

Экс-депутат, “Кумтөрдөгү” чыдыкты ачыкка чыгарам деп бийлик жек көргөн адамга айланган, күнөөсү далилденбесе да 11 жарым жылга кесилген Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл эже менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

– Айгүл эже, кайнатаңыздын арты кайрылуу болсун. Нуркожо ажы баласы Садырды  күтүп жүрүп, чыдамы кеткенде бул дүйнө менен коштошуп кете берди көрүнөт…

-Ошондой болду окшойт. Атам үчүн Садырдын орду башкача болчу. Ал Садырды жанындай көрчү. Ал тургай, Садыр камалып, кол салууга туш болгондо  кылгырып көзүнөн жашы куюлуп, атамдын жанына тура албай калганбыз. Атам “Садыр неге мындай кыйынчылыкка туш болду? Ага кимдер, эмне үчүн кол салды” деген суроого жооп издеп, президенттин  кабыл алуусунда болууга  аракет кылды. Бирок, президент кабыл алган жок. Атам кусалыктан каза болду. Ал Садырды көрбөй арманда кетти. Ооруп калганда дагы көзүнүн жашын кылгыртып, Садырды эстеп ыйлай берчү. Кайнагам Сабыр түрмөдөн чыгып, атама учурашканы барганда ошол жердегилер “Сабыр келди, Сабыр келди” дешиптир. Атам болсо “Садыр кана, Садыр кана…” дептир. Атамдын ошол сөзүн укканыбызда  жүрөгүбүз дагы бир жолу тилинди. Көрсө, жарыктык атам өмүрүнүн акырына чейин уулу Садырды күтүптүр. Шаардык сот Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырып койгондо эркиндикке чыгарбасына көзү жеткенби же чыдамы түгөнгөнбү, бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. “Өлүмдөн эмес, Садырды көрбөй калгандан корком” деген атам, уулун моокуму канып, кучактап, мойнунан жыттап,  маңдайынан бир эле жолу сүйгөнгө  зар болду.

“Садырды атасына топурак салдырбай кордогудай ал эч кимдин ата-энсеин өлтүргөн жок эле го”

– Атам бул дүйнөдөн өзүн күнөөлөп жүрүп өтүп кетти. “Мен Кыргызстанга кел дебегенде Садыр келбейт эле. “Кумтөрдөгү” чындыкты ачыкка алып чык дебегенимде ал алып чыкпайт эле. Мен “Кумтөрдүн” маселесин иликтегениңди токтот дебегеним үчүн ушундай күнгө туш болду” деп өзүн өзү күнөөлөгөн ой акыры атамды алып тынды. Жок дегенде  ата-баланы бир жолу жолугуштуруп койгондо атам арманда кетмек эмес. Көксөөсү суумак. Мынчалык куса болмок эмес. Атам ооруп жатканда дагы жогору жактагылар көрүнгөн шылтоону айтып, бир жолу да жолугууга уруксат беришкен жок. Ал түгүл ата салтын бузуп, болбогон нерсени шылтоолоп  атасына жандай көргөн баласын топурак салдырууга да караманча каршы болушту. Кыскасы, Садырды сындырып, психологиялык жактан басым кылыш үчүн атама топурак салдыртпай, жаназасына тургузбай, сөөк узатуу зыйнатына катыштырбай коюшту. Жогору жактагылар ата-баланы тирүү кезинде жолуктурууга каршы болушса да, өлгөндө топурак салдырып, уулдук парзынан аткартып коюшса болмок. Садырга жасалгандай мамилени мен душманыма да каалабайм. Тиешелүү жактын баарына кайрылып, Садыр сөөк узатуу зыйнатына катышып, атамдын жаназасына туруп, ыраазычылыгын берип, тирүү кезинде көрө албаса да, атамдын жаагынан сылап, чекесинен өөп, акыркы сапарга узатышына мүмкүнчүлүк берсин деген аракетибизден  майнап чыккан жок.

Атасына топурак салдырбай кордогудай Садыр эч кимдин ата-энесин өлтүргөн эмес. Ал кайда иштебесин таза иштеген. Эч кимге кара санаган эмес. Ал элдик адам болгон үчүн сунушталган ири суммадагы каражаттардан да баш тартып, мамлекетибиздин келечегин ойлогон. Таза иштеген адамды каралаш үчүн жабырлануучусу жок болсо да камап, атасына топурак салдырбай кордошту. Ал  атанын уулу, мекенчил, мамлекетин сүйгөн инсан болгон үчүн ушундай тагдырга кептешти. Өч алуунун да чеги болот го. Булар абдан аша чаап кетишти. Эмне дейин, алтын башы аман болсо, бул күндөр да өтөр. Садыр атамдын бейитине барып куран окуган күнгө да жетер…

– Садыр байке камалгандан кийинки жагдайдан турмуштук сабактарды алдыңызбы?

– Албетте, жашоону башка жагынан карап калдым. Адамдар “той берем, тойго барам, көйнөк алам, машиненин мыктысын минем”- деп жан талаша берет экенбиз. Бирок, ага окшогон майда-барат нерселерден амандык жогору тураарын билдим. Үй-бүлө мүчөлөрү чогуу отуруп, ата-бала чай ичкендин өзү бакыт экенин сездим… Баса, атам ооруп калганда неберелери ыйлап, көтөрүп, колунан өөп, атамдын амандыгын тилеп, ооруканада күнү-түнү кезек менен карашканы жүрөгүмдү жылытты. Чоң ата менен неберенин ортосундагы жакындык көзүмө жаш алдырды. Тарбиябыз бекер кетпептир деп Кудайдын мунусуна да шүгүр деп калдым. Себеби, бүгүн чоң атасын алаканына салып сыйлап, көтөрмөк турсун келсе араң саламдашкандар деле бар да…

Атам өрнөктүү жашап, бирок өкүттө кетти”

– Нуркожо атанын акыркы сөзү не болду?

– Садыр болду. Садырды күтүп, Садырды сагынып, Садырды көрбөгөнүнө санааркап кетти. Атамдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан бейиштен орун берсин. Атам 84 жашка чыгып, өрнөктүү жашады. Бирок,  өкүттө кетти.

Биринчи май райондук сотунун чечими чыккандан бери  Садыр байкеге  жолугууга мүмкүнчүлүк болдубу?

– Мүмкүнчүлүк болгон жок. Шаардык сотко бир канча жолу кайрылганыбыз менен майнап чыккан жок. Боорду эзип, “печать жок” деген шылтоолорду айтышып, Садыр менен жолугушуума мүмкүнчүлүк беришкен жок. Садырды сотто гана көрүп, баш ийкеп, “кандайсың?” деп көздөрүбүз менен сүйлөшкөнүбүз болбосо,  көптөн бери маңдай- тескей отуруп сүйлөшө элекпиз.

“Шаардык соттун жоругуна мен эмес, Эмилбек Каптагаев да нааразы болуп ызаланды”

– Сиздерде шаардык сот Биринчи май сотунун чечимин күчүндө калтырбай  аз болсо да камоо мөөнөтүн азайтат деген үмүт болгонбу?

– Ооба. Негизги жабырлануучу делген Эмилбек Каптагаев мырзалык касиетин көрсөтүп, Садырдын ак жерден  камалып жатканына абийири жол бербесин, адамды жөн эле каралап камоого каршы экенин айтып, “Садырды актап бергиле” деген өтүнүч менен шаардык сотко арыз менен кайрылган. Тилекке каршы, күнөөсү далилденбесе дагы  жогору жактагылардын тапшырмасын аткарып, шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койду. Алардын мындай жоругуна мен эмес, Эмилбек Саламатовичтин да жини келип, ызааланды. Бир жылын эмес, бир күнүн да кыскартпаганына күбө болгонубузда адилеттүүлүктөн түңүлүп кеттим. Болбосо, ага чейин аз болсо да жылын кыскартып, кичине болсо да жазасын жеңилдетет деген үмүтүбүз зор эле.

“Уулум Рустам маңдайымда болсо да, түндө бир маал уктап жатса да карап келем”

– Уулуңуз Рустам Садыр Жапаровдун баласы болгон үчүн запкы тартып, 6 ай СИЗОго отуруп, бир жылга шарттуу түрдө кесилди.  Маңдайыңызга келгени аз болсо да жүрөгүңүз ылдыйлап, санааңыз азайдыбы?

– Ооба. Рустам эч кандай мыйзам бузбаса дагы, эч кимге кол көтөрбөсө дагы жок жерден камалып, бир жылга шарттуу түрдө кесилди. Ал Польшадагы университеттердин биринде окуучу. Атасына учурашам деп Кыргызстанга келип, ойдо жок жерден камакка түшүп, “Садырды тосуп алабыз” деп уюшулган  митингде камакка алынган 12 тарапташынын бири болуп, 6 ай СИЗОдо жатты. Кичинекей бөлмөдө кыймылы жок жата берип, буту оору таап алды. Ал жерде үч жыл жаткан адам кыймылдын аздыгынан таманы эч нерсени сезбей калаары айтылууда. Себеби,  СИЗОдо бүгүнкү күндө  ылайыкталып салынгандан  көп адам жатат экен.

-Рустам маңдайыңызга келгиче эмнелерди ойлоп кыйналчу элеңиз?

– Эч кимге катуу айтпаган, бирөөнүн буюмуна тийбеген тартиптүү  жаш баланын психологиясы бузулуп калабы, түрмөдөгү жаман нерселерди өзүнө сиңирип алабы (?) деп балам жаныма келгиче ичкеним ирим, жегеним желим болуп жатты…

– Өзгөрбөптүрбү?

– СИЗОдон чыккан күндөрү  көп сүйлөбөй, сактанып  жатты. Көрсө, ал жакта ар бир сөзгө жооп бергендиктен, ашыкча сүйлөшпөйт экен. Рустам өзүнө келгиче ар кайсыны ойлоп кыжаалат болдум. Кудайга шүгүр, азыр кадимкидей күлүп, биз менен аралашып калды. Азыр уулум маңдайымда болсо да, түндө бир маал уктап жатса да карап келем. Тынч эле уктап жатабы же чоочуп жатабы деп санаркай берем.

Кызыңыз Жанайым  атасы менен агасынын камалганын билдиби? Алардын сотуна бардыбы?

– Билди. Бир сапар Жанайымды уулум Рустамдын сотуна ээрчитип бардык. Ал агасынын “решёткада отурат” деп элестетпептир. Рустамды көрүп, өзүн жоготуп ыйлап калды. Өспүрүм курагында атасы менен агасынын камалышы анын  психологиясына терс таасири тийбесин деп андан кийин алып барбай калдык. Уйкум качып, азаптуу күндөрдү баштан кечирип жатсам да өспүрүм курактагы уул, кызыма азыркы жагдайдын кесепети  тийбесин деп алардын көзүнчө жалаң гана жакшы сөздөрдү сүйлөшүп, өзүбүздү зордоп болсо да жылмаябыз. Анткени, азыркы тарткан азабыбыз алардын көз алдында жүрөгүндө кара так болуп калышын каалабайм. Жашоолору таза барактан башталып,  так түшүп, булганбасын деп аракет кылам. Жетишерлик көңүл бура албай калбайын деп эже-агайларына бат-бат жолугуп, окуучулар арасында атасы камалып жатат деп өгөйлөнбөсүн деп аракет кылам.

“Тынч митинг өткөргөнгө тыюу салынгандыктан,  үнсүз митингди уюштурдук”

– Акыркы мезгилдеги абалдар сизди кайсыл тарапка өзгөрттү?

– Акыркы мезгилдеги жагдайлар мени мурункудан да чыйрак кылды. Мурдагыдан да кайраттуу болдум. Анткени, мен чөгүп, көз жашымды көл кылып ыйлап отуруп алсам, эч нерсе өзгөрбөсүн, камакта жаткан уулума, өмүрлүк жарыма жардам бере албасымды түшүнүп, белимди бекем буудум. Анткени, Кыргызстанда мамлекеттик машина иштеп жатат. Күргүштөгөн система бар дегенибиз менен адам камакка түшсө, аны коргоп калаар эч нерсе жок экенине көзүм жетти. Себеби. акыйкатчы дейбиз. Адам укугун коргогон комиссиялар дейбиз. Анын баары жөн эле иштеп, башыңа иш түшкөндө эч нерсеге араачы деле боло албасын билдим. Айтайын дегеним, кыйынчылыкка кептелгенде өзүң менен өзүң алпурушуп калат экенсиң. Мен жарым жылдан бери мына ушундай абалды жон терим менен сездим.

Бирок, мен да аял экем. Канчалык кайраттуу болуп, көз жашымды эч кимге көрсөтпөөгө  аракет кылганым менен Садырга Биринчи май райондук сотунун адилетсиз чечими чыкканда өзүмдү кармана албай калдым. Себеби, аны күнөөлөп жаткан төрт берененин үчөөндө актап, төртүнчүсүндө чоң мөөнөт менен күчөтүлгөн режимде 11 жарым жылга кесилсин деген өкүм чыкты. Башында акталат деп үмүт кылып жаткан тарапташтарыбыз шалдайып, нааразычылыгын көз жаштарынан чыгарып калышты. Биз тааныбаган эле аксакал Садырдын ак жерден камалып жатканына ичи ачышып, бийликке нааразы болуп,  көзүнүн жашы куюлуп жатканын көргөндө токтоно албай мен да ыйлап жибердим.

– Көптөрдүн жүрөгүн ооруткан  үнсүз ый, митинг күн мурунтан даярдалганбы?

– Анын баары ойдо жок жерден уюшулду. Анткени, Садырдын сотунун бир күн мурун митинг кылууга тыюу салган токтом чыкты. Бирок, Садырдын тарапташтары “өкүм чыгат” деп Кыргызстандын  туш тарабынан келе башташты.  Аларды токтото алган жокмун. Садырды чоң кылмышкердей чоң мөөнөт берип, күчөтүлгөн режимде камалат деген чечимди укканда  ошол жердегилердин баары ыйлашты. Нааразычылыгыбызды айтканга, тынч митинг өткөргөнгө тыюу салынгандыктан,  үнсүз ый, үнсүз митингди уюштурдук. Азыр ошол үнсүз митингди “тигил сайттан көрдүм, бул социалдык тармактан  көрдүм”- дегендер көп.  Бирок, мен үнсүз ый, үнсүз митингди көрүп,  ошол акыбалга түшкүм келбейт. Ошон үчүн кайра баштан көрө албайм.

Жолдошуңузга кол салуу болгонун укканыңызда кандай абалда болдуңуз?

– Бир жума бою денемди майда калтырак басып, Жараткандан Садырдын амандыгын эле тилеп калдым. Кудай бар экен. Беш жарым саат дегенде кайра өзүнө келтирди. “Супер инфо” сайтына кансырап, өзүн жоготуп жаткан сүрөтү чыкпаганда кандай кол салуу болгонун, кайсыл жеринен жараат алганын билбей калмакпыз. Ошол сүрөт жарыяланып кеткенде аргасы жок бийлик Садырдын “өзүмө өзүм кол салдым” деген видеосун жарыялашты. Болбосо, эл көтөрүлүп кетмек…

“Бийлик сындырам, жок кылам десе да, Садыр эл уулу болуп, элдин назары түштү ”

Кээде азап чеккениңизде Садыр байке, Кыргызстанга келбегенде мындай күнгө туш болбойт элек деп өкүнүп кетесизби?

– Ооба кээде аялдык кылып, “Садыр Кыргызстанга келбегенде мындай күндү көрүп, санаанын сары суусун ичип, кыйналбайт элек, эч ким жапа чегип, азап тартпайт эле”- деп бир-эки жолу айтып жибердим. Бирок, “Мекенчил” партиясынын мүчөлөрү  “Анда Садыр бир аялдын күйөөсү, бир үй-бүлөнүн атасы эле болуп калмак. Азыр Садыр камакта жатса да баарыбызга ата, баарыбызга күйөө” дешет. Чындап эле бийлик Садырды сындырып жок кылгысы келгени менен эл арасында анын кадыры ого бетер өсүп, ага элдин назары түштү. Садырдын алтын башы аман болсо, бул күндөрдү да жеңет. Эл уулу болуп, эркиндикке да чыгат. Ошол мезгилде азыркы тарткан азабыбыз, төгүлгөн көз жашыбыз эч нерсеге арзыбай калат деп  үмүт кылам.

Кыйын күнгө туш болгондо кимдер көбүрөөк колдоо көрсөттү?

– Карапайым эл. Элден айланса болот экен. Кайда барбайын, кимге жолукпайын Садырдын амандыгын тилеп, ага баталарын берип отурушат. Ошол карапайым эл мага да дем, күч берди. Элдин колдоосун көргөндө жакшы нерседен үмүт кылып, жашагың келип калат экен. Каражат жагынан деле ошол карапайым адамдар көп колдоо көрсөттү. Айтайын дегеним, чет мамлекетте иштеп жүргөн кыргыз мигранттар  Садырдын 12 тарапташынын тамак-ашын көтөрүштү. Азыр алардын 8и чыгып, үчөө Россиянын жарандыгын алганы үчүн төрт жылга, бирөө мурда иш козголгону үчүн сегиз жылга  камалды. Чынында сегиз жылга камалган таластык жигиттин 7 баласы бар. Баласы аталап сотто ыйлап, баарыбыздын жүрөгүбүздү титиреткен. Кең пейил, айкөлдүгүнө эч нерсе жетпеген жигит саясат үчүн камалып, жок жерден азап тартып отурат. Кыскасы, бийлик Садырды сындырып, башкаларга сабак кылабыз деген максат менен мекенчил, патриот жигиттерди да кошо ак жеринен камады. Камакта отурган мигрант жигиттердин да кылдай күнөөсү жок. Садырдын тарапташы болгон үчүн, Садырды колдогону үчүн азап тартып жатышат.

“Ташиевдин жигиттик сапатына ыраазы болдук”

– Камчыбек Ташиев досу Садырдын колунан өпкөнү көп кишини таңгалдырды. Анын бул кадамын кандай бааладыңыз?

– Негизи Садырдын санаалаштары, кесиптештери, ага-эжелери сотко келди. Жылуу сөзүн айтып, колдоолорун көрсөтүштү. Камчыбек Ташиев атама барып, Садырдын колун өбүп, ак жүрөк экенин билгизди. Эч кимибиз Камчыбек Садырдын колунан өбөт деп күткөн эмеспиз. Адамгерчилигине, досунун башына кыйын күн түшкөндө кол сунганын жигиттик сапатына ыраазы болдук.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: