Кечээ, 28-сентябрда Оштун Он-Адыр айылында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусунда элди экиге бөлүп сүйлөп, анан “Бабановду батинкесинен өбүш керек” деп чагым жасаган жарандын эми актанган видеотасмасы тарады.
Биздин булактар кабарлагандай бул видео Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын Оштогу бөлүмүндө тартылган:
Чагымчы ыйлап жатат…
10-башкармалыктын кызматкери: Ошентип сүйлөп койгонуңуз үчүн эле ыйлай бересизби эми?
Чагымчы: – Эми билбейм да силер эмне кыласыңар?
10-башкармалыктын кызматкери: Жок, ошентип сүйлөбөш керек эле да анда, туурабы?
Чагымчы: Туура айтып атасыңар, тилден жаңылдым да…
10-башкармалыктын кызматкери: Элди экиге бөлүп жатасыз да ошол жерде ака, ошондон согуш чыгып кетиши мүмкүн…
Чагымчы: Чыкпасын… Чырайлуу экен деп айтып коюпмун да… Базарда жүргөн жеримен эмнеге чыгып бардым дейм да… Эми президентти тирүү көрөйүн депмин да…
10-башкармалыктын кызматкери: “Бутуңан өбүп жиберейин” дедиңиз го… (күлүп)
Чагымчы: Туура, эми жыргализм куруп берем деп атат да… (күлүп) Мен президент болгондо жыргализм куруп берем, эки эсе жакшы жашайсыңар деп жатат да (күлүп)
10-башкармалыктын кызматкери: Ал мошенник!
https://www.youtube.com/watch?v=UhshW4EBHxg&feature=youtu.be
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ