Генералдардан ыйман кетти, өзүчү. «Бир бол» фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков учурда лидери Алтынбек Сулаймановдун көз кырында турат. Же мамилеси Өмүроек Бабановго кошулбай, же Алтыке колдоп жаткан Сооронбай Жээнбековду ачык колдой албай кыйналып жүрөт. «Шайлоо бүтсө бүтсүнчү, өх деп калам» – деп кыпылдап жүргөн эл өкүлдөрүнүн катарында бул киши да бар. Генералдык чыныгы милдетин аткарып, ачык колдоорун айтып койгонго жарабай туру. Жигит деген ачык эле бир чечимге келиш керек да, тараза ташы каякка оойт экен деп, ийининен башын чыгарып, аба-ырайын байкаган суурдай болбой…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ