Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы уюштурулган чагымга карата журналист Дайырбек Орунбеков да өз пикирин билдирди:
“Ынтымакка чакыргандын эмнеси жаман, эмне согуш каалап жатасыңарбы? Башка улутту кемсинтип, өзүбүздү көтөргөнгө келенде баарың улутчулсуңар? Ошол биз кемсинтип аткан улут түндүк-түштүк болуп бөлүнөбү? Жок! Бири бирин артка тартып, артына суу куюшабы? Жок! Ары жок улутчулдук кылбай, өзүбүздү оңдобойлубу? Баатыр элбиз деп көкүрөк кагабыз, абалыбыз кайсы азыр? Башка улутту кой, өзүбүз ынтымакка келе албай жатабыз. Шайлоо же тандоо болуп калса миңге чачырайбыз. Ушунун эмнеси улут, эмнеси эл? Алдыга чыккан азаматтар болсо артка тартабыз, көпчүлүгү кошоматтан башы көтөрүлө элек, калганы кокту колот деңгээлде калып кеткен элбиз? Куру намыска келгенде укмуш мактанабыз. Манастын урпагыбыз, Бакайдын урпагыбыз деп. Азыркыдай кейпибиз менен Абыке Көбөштүн урпагы көптүк кылат. Кана Манастын Айкөлдүгү, кана Бакайдын акылмандыгы? Биринчи өзүбүздү күзгүдөн карап жыртык тешик, кем каржыны толтуруп алалычы.”
Дайырбек Орунбековдун Facebook баракчасынан алынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ