Президент болом деп жулунуп жаткан Темир Сариев үгүт иши башталгандан бери Чүй областын айланып эле чыга албай жүрөт. Башкалар өмүрү барбаган Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып чыгып айланып, кайра Чүйгө келип калышты. Темкенин тегерегинде жүргөн Элмира Ибраимова, Аликбек Жекшенкуловго окшогон саясатчылардын кеткенин эшиттик. Эми алардын кетиши менен Сариевдин кылы деле кыйшайбайт, Ал саясатчылар өздөрүн кыйын сезгени менен, туулуп-өскөн өз айылдарынан деле жарытаарлык добуш алып бере алышмак эмес. Бул жагынан караганда туура эле кетиптир десек да болот. Ии, баса, Темкенин үгүт ишине көз салып олтургандар ушул жигитти Чүйгө эле губернатор кылып алсак болчудай экен деп жатышканын эшиттик…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ