Темир Жумакадыров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Нарын облусунун Кочкор жана Нарын райондорунун, аны менен бирге Нарын шаарындагы айрым участкалык шайлоо тилкелерине барып, андагы даярдык иштерин көрүп чыкты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты билдирет.
Андан соң саясий өнөктүккө кам көрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Темир Жумакадыров Нарын облустук штабдын жыйынына катышты.
«15- октябрдагы президенттик шайлоо күнүндө шайлоочуларга тоскоолдуктар жаралбашы керек. Өзгөчө жаңы ыкмадагы биометрикалык маалыматтын негизинде өтүп жаткандыктан, техникалык жабдуулардын талаптагыдай иштеши шарт. Бул үчүн электр энергиясы, үзгүлтүксүз интернет байланыш менен ар бир шайлоо участкасы камсыз болушу керек»,-деди вице премьер министр.
Жыйындын жүрүшүндө Нарын облусунда даярдыктар 167 шайлоо участкалары даярдалып жабдылып, 180 миң 100 шайлоочулардын саны такталганы белгилүү болду.
Белгилей кетсек, жаңы технолгиянын жардамы менен таза шайлоону уюштуруу пландалгандыктан, бүгүндөн тартып биллютендерди автоматтык саноочуу урналар таратыла баштады. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жаңы технологияларды башкаруучу операторлордун бардыгы окуулардан өтүп, даяр турушат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ