2017-жылдын 30-сентябрында, КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Ысык–Көл облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
Иш сапардын алкагында Н.Шайлдабекова Ысык-Көл, Түп, Каракол, Жети-Өгүз жана Тон АШКларын жана УШКларын көрүп чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыйындын катышуучуларына шайлоочуларды маалымдоо максатында жүрүп жаткан иш-чаралар жана шайлоо процессинин негизги этаптарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө автоматтык саноо түзмөктөрүн (АСУ) үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттери жөнүндө маселелер талкууланды.
Жолугушуунун катышуучуларына кайрылуусунда, Н.Шайлдабекова келе жаткан шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү керек экендигин билдирди.
Ошондой эле Борборшайлоокомдун төрагасы ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга камкор мамиле жасоо менен бирге шайлоо укуктарын сактоону камыз кылуу керек экендигин баса белгилеп, ар бир жаран социалдык акцияга катышып кошунасынын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө катыша ала турган “Кошунаңды ээрчите кел” аттуу акция тууралуу баяндап берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ