Menu

18+ Видео – ӨКМ куткаруучулары аскада калган Израилдин жаранынын сөөгүн алып чыгышты

Бөлүшүү:

https://youtu.be/vTGBikbiZ0A

2017-жылдын 23-сентябры күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израил мамлекетинин эки жараны жана Франция мамлекетиинин эки жараны туристтик багытта келишип, Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынан Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 2017-жылдын 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу, Израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливна жолдон адашып, бөлүнүп кеткен.

Ал эми Израил мамлекетинин туристи 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жарат алган. Городесен Нафадка Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан, Израил мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон байланышка чыгып, өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен. Израил туристтик фирмасы Кыргызстандагы CBTi фирмасы менен байланышып, жардам сураган. Кыргызстандагы CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.

2017-жылдын 24-сентябры күнү 19:00 чамасында Р.Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франция мамлекетинин эки жараны жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливна дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен.

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысынын орун басарынын жетекчилигинде райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер жана 4 ит, жергиликтүү айыл тургундарынан 7 адам, Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, Сары-Челек коругунун кызматкерлеринен 8 адам Израиль мамлекетинен 6 куткаруучу (ITMC-4, ALFA TOUR-2), КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучуларынан 7 куткаруучу 2 ит. Жалпы издөө ишине 50 адам, 6 ит тартылды.

2017-жылдын 29-сентябрь күнү Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен барган куткаруучулардын суранычы менен Россия Федерациясынан ютуб про путешествие в Азию (Youtube Pro) фирмасынан кино тартканы келген кызматкерлери менен дрону менен издөө иштери жүргүзүлүп, саат 13:30 чамасында табылган.

Израил мамлекетинин туристи Көтөрмө ашуусунда жолдон адашып, 50-60 метр бийиктигинен кулап кеткен.

Хилла Ливнанын сөөгүн алып келүүгө куткаруучулар чыгышып, 2017-жылдын 29-сентябрында саат 18:30 чамасында жансыз денесин алып чыгышып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: