Menu

Жазадан качкан айдоочу…

Бөлүшүү:

Жыл сайын жаңы окуу жылынын башталышына карата өлкө аймагында “Абайла, балдар!” аттуу 1 айлык иш-чара өткөрүлүп келет. Анын максаты балдар аралашкан жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана андан жабыркаган балдардын санын кыскартуу болуп эсептелет. Эл ташуучу автоунааларга “Абайлагыла, балдар!”, “Көңүл бургула, балдар!” деген жарнама-жазуулар илинип айдоочуларды жол эрежесин бузбай айдоого, ал эми балдарды жолдон өтүү эрежесин сактоого чакырат. Дегеле, мындай иш-чара жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп, жөө жүргүнчү менен айдоочунун ортосундагы сактыкка өбөлгө болоору буга чейин өтүп келе жаткан практикалык иштерден далилденген. Тилекке каршы, бардык эле учурда айдоочулар эреже сактап калды деп айтууга болбойт. Анын бир мисалын, Бишкек шаарынын тургуну Акылай Калматованын биздин редакцияга жазган арызынан көрсөк болот:

Урматтуу редакция!

Менин 17 жаштагы уулум Абдыгазы уулу Сыймыкты 16-сентябрь күнү эртең менен саат 9.30дар чамасында сабакка бараткан жолдон “Мерседес” маркасындагы эл ташуучу маршруттук автоунаа сүзүп кеткен. Бул окуя “Учкун” конушунун жанындагы М. Ауэзов атындагы көчөдө (“Туңгуч” жана “Аламүдүн‑1” кичи райондорунун ортосу) болгон. Төмөн жактан келе жаткан ак түстөгү маршрутка жөө жүргүнчүлөр өтүүчү атайын жайдан (пешеходный переход) өтүп бараткан уулумду токтобостон келип сүзгөн. Окуя болгон жерден жогору 100 метрге жетип-жетпеген жерден темир жол өтөт. Ал жерде видео көзөмөл орнутулуп турат.

Маршрутка сүзгөндө Сыймык жерге жыгылып, анысы аз келгенсип алдыңкы дөңгөлөгү сол бутун тебелеп кеткен. Айдоочусу жерге түшүп, чогулуп калган элдин көзүнчө ооруканага жеткирем деп жабыркап жаткан уулумду ошол эле маршруткага салып “Туңгуч” тарапты карай айдап жөнөгөн. Бирок, ооруканага алып барбай эле жолдон түшүрүп салып из жашырып качып кетиптир.

Уулумдун буту катуу ооруп жаткандыктан маршрутканын номерин жаттап калган эмес. Айдоочусу 45–50лөр чамасындагы кыргыз киши экен. Ал окуучуларды салып баратыптыр. 35–40 жаштар чамасындагы эжекеси да салондо кошо болгон экен.

Сыймыкты башка бир таксист жигит үйгө жеткирип келди. Тезинен эле шаардык №4-ооруканага алып бардык. Ал жерден милиция кызматкери кандайча жаракат алгандыгын тактап, каттоого алган. Бирок, 10 күндөн ашык убакыт өтсө да качып кеткен айдоочуну аныктоо жана издөө иштери милиция кызматкерлери тарабынан жүрбөй жатат. Ошол эле күнү мен МАИ кызматкерлерин окуя болгон жерге алып баргам. Аларга темир жол өтмөгүндөгү видео байкагычты көрсөтүп бергем. Милиция кызматкерлери видео тасмадан окуя кандайча болгонун, кайсы машина сүзгөндүгүн аныктоого милдеттүү эле! Тилекке каршы мындай иш-чаралар көрүлгөн жок.

Мен милиция кызматкерлеринин аракеттерине арызданып Октябрь райондук милициясынын начальнигине кайрылсам, ал жердегилер горГАИге бар, — ​деп арызды албай коюшту. Айласыз шаардык МАИнин жетекчиси Т. Барпиевге, андан кийин шаардын прокурору Калмурзаевге арыз жаздым. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин бир кызматкер басып келип же телефон чалып сурай элек. Убакыт болсо өтүп жатат. Жазадан качкан айдоочунун из жашырып кетүүсүнө милиция кызматкерлери түздөн-түз көмөктөшүп жатат. Кырсык тартылып калган видео байкагычтагы тасма өчүп кете элегинде алса болбойт беле?! Мага аны бербей да, көрсөтпөй да коюшту. Темир жол башкармалыгына кайрылып, жетекчиликтен атайын уруксат алмайынча мүмкүн эмес дешти.

Уулум Сыймыктын абалы начар. Сынган буту оңолбой эле ириңдеп баштады. Журналисттерден ушул окуя боюнча айыптуу айдоочуну табууга, аны жазага тартууга көмөктөшүүнү суранам. Ал эми окуяга кокусунан күбө болуп калган адамдардан (0772) 18–04–14 телефону аркылуу жардам күтөм. Балким кимдир бирөө “Мерседестин” номерин эстеп калгандыр…

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: