Бишкек шаардык сотунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурунку ӨКМ башчысы Дүйшөн Чотоновдун ишине байланышкан Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө карата жазылган аппеляциялык арызды кароо аяктады.
Адиса Момуналиева жетекчилик кылган соттук коллегия Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмүн күчүндө калтыруу чечимин чыгарды.
Мындай чечимди 16-августта Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу чыгарган.
Белгилей кетчү жагдай, айыпталуучуларга чыгарылган өкүм алардын өзүнүн жана адвокаттарынын катышуусусуз окулду. Алар түшкү тыныгууга чейин эле сотко макул эместигин көрсөтүшүп залды таштап кетишкен. Жана ошондой эле айыпталуучулардын тарапташтары дагы сот өкүмү окулуп жатканда аны укпастан залдан чыгып кетишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ