2017-жылдын 2-октябры күнү КР ӨКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгына Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылынын Пристань тилкесинде 1979-жылы туулган Ө.И. (эркек) аттуу жаран көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында аталган башкармалыктын басма сөз кызматы маалымдайт.
Издөө иштерине КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн 4 куткаруучусу тартылып, чөгүп кеткен жаран изделүүдө. Кошумча маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ