Menu

Канат Исаевди каматкан Сариевдин кишилериби?

Бөлүшүү:

Кечээ күнү ЖКнын депутаты Канат Исаев мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракеттенди деген айып менен камакка алынды. Көпчүлүгүңүздөр видеодогу балдардын ким экенин билбесеңиздер керек, бирок ал видеодо Темир Сариевдин Сокулуктагы штабын жетектеген Дениз жана Күн-Туу деген айылдан чыккан ОПГнын мүчөсү Арсен аттуу жигиттер болгонун айтылууда. Бул кабарды биринчилерден болуп Темир Сариевдин Сокулуктагы штабында иштеген мурдагы кызматкерлери тастыкташты.

Маалыматка ылайык көптөн бери Темир Сариевдин штабы өзүнүн кызматкерлерине айлык акы берген эмес, жөнөкөй агитаторлорун таркатып да жиберишкен. Ишенимдүү маалыматтарга ылайык Темир Сариев Сооронбай Жээнбековго кошулган. Келишимге ылайык Темир Сариевге Премьер-министрлик кызмат убадаланган, мындан тышкары Сариевдин үгүт иштерине каражат бөлүнүп берилген.

Канат Исаевдин кармалышы бул толугу менен провокация жана муну уюштурууда Темир Сариевдин салымы чоң. Канат Исаев боюнча таркаган экинчи видеодо ОПГнын мүчөлөрү телефон менен сүйлөшүүлөрү жаздырылып алынган. Маалыматка ылайык телефон менен сүйлөшүп жаткан адамдар учурда камакта экен. Суроо жаралат аларда уюлдук телефон кайдан жүрот жана аларга ким алып барып берди.

Эң негизги суроо? ОПГнын мүчөсү жашыруун камера менен депутатты подстава кылды жана УКМК менен кызматташты…Бул спектаклдын артында ким турат? Бул жомоко ким ишенет?

Булак:telegra.ph

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: