Menu

ИИМдин атайын каттоосунда турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин кызматкерлеринин кылмыш-илитөө иштеринин негизинде адамдарды уурдап жана коркутуп ири өлчөмдөгү акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жоюлду. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөр ИИМдин атайын каттоосунда турган. Кылмыштуу топтун башчысы Чүй облусунун жашоочусу болуп, ал өзүнүн тегерегине өзү сыяктуу мурда соттолгон жарандарды чогулткан. Ички иштер органдарынын кызматкерлери бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн иликтеп, адамдарды уурдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акча талап кылуу менен алектенишкенин аныкташкан. Маалымат боюнча ушул жылдын сентябрь айынын башында болжол менен 25-35 жаштардагы белгисиз жарандар өздөрүн белгилүү криминалдын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүбүз деп тааныштырып, борбордогу кичи райондордун биринен Бишкек шаарынын жашоочусун уурдап кетишкен. Күч колдонуу менен жабырлануучуну “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаага салып, аны Ала-Арча капчыгайы жакка алып барышып, уруп сабап, коркутуу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кылышып, туугандарына чейин телефон чалдырып мажбурлашкан. Коркутуу жолу менен кылмышкерлер туугандарына тиешелүү батирди сатканга түрткөн. Туугандары тез арада акча табуунун максатында өздөрүнө тиешелүү көп бөлмөлүү батирди накта турган баасынын жарым баасына сатканга туура келген. 20 000 миң АКШ доллар акчасын алгандан кийин жабырлануучуну койо беришкен.

Тилекке каршы, муну менен алар токтошкон эмес. Бир аз күн өткөндөн кийин кайра ири өлчөмдөгү акча каражатын талап кыла башташкан. Бул жолу жабырлануучу тарап ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Жогорудагы фактылар боюнча Ички иштер мининстрлиги тиешелүү материалдарды топтоп, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 123-берене (адам уурдоо), 125-беренеси (мыйзамсыз эркинен ажыратуу) менен 170-беренелеринин (опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иштерин козгошкон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун башчысынын өздүгү такталып, ал 2006-жылдан бери кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турганы билинген. Ошондой эле, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн дагы өзүдүгү такталган. Кылмышкерлер өздөрү көрсөткөн сумманын аз бөлүгүн алууга макулдугун беришип, жолугушууга өздөрүнүн адамдарынын бирин жөнөтүшкөн.

21-сентябрь күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнүн жолун буу үчүн атайын операция жүргүзүшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Мадина” соода базарынын жанынан 500 АКШ долларын алып жаткан жеринен 1976-жылы туулган Д.А. аттуу Ысык-ата районунун жашоочусу кармалган. Андан соң, Чүй облусунун Аламүдүн районунда ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжасында акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топтун башчысы, 1977-жылы туулган Б.Н. аттуу Ысык-Ата районунун жашоочусу кармалган. Б.Н. аттуу жаран мурда опуза талап кылуу фактысы менен соттолгон. Эртеси күнү кошумча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда каракчылык менен соттолгон 1985-жылы туулган А.Э. аттуу борбор калаабыздын жашоочусу кармалган. Көп өтпөй, милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар, кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда тоноо жана бейбаштык фактылары менен соттолгон, 1984-жылы туулган Бишкек шаарынын Ж.Т. аттуу жашоочусу кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнүн жолу буулуп, кармалган жарандар жогорудагы кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатышат.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: