Menu

Тажикстан: Президенттик аппарат мамлекеттик мекеме башчыларын токтоо болууга чакырды

Бөлүшүү:

Тажикстан президентинин аткаруу аппараты жергиликтүү акимчиликтер менен мамлекеттик мекемелерге кат жөнөтүп, сайттарында өздөрүн мактоону токтотууга жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүүгө көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

Өлкөнүн Айыл чарба министрлигинин басма сөз катчысы Ёкубжон Уроковдун билдиришинче, катта мактаанчактыкты токтотуп, мекеменин ишмердүүлүгү менен жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды көбүрөөк таркатуу чакырыктары жазылган. Андан сырткары анда хакердик чабуулдар менен вирустардан сактануу үчүн веб-ресурстарды техникалык жактан бекемдеп, коопсуздандыруу зарылдыгы айтылган.

Маалыматка караганда, мындан ары мамлекеттик түзүмдөрдүн расмий сайттарынын ишин жакшыртуу максатында аларга мониторинг жүргүзүлүп турат.

Санариптик коопсуздук боюнча адис Ахлиддин Салимов Тажикстандагы сайттардын көбү эски платформада иштелип чыкканын жана санариптик коопсуздукка жооп бербестигин билдирди. Анын айтымында, учурда бийлик өкүлдөрү өз сайттарынын гана эмес, расмий документтер жөнөтүлчү электрондук почталарынын коопсуздугу тууралуу дагы ойлонуусу зарыл.

Мамлекеттик органдардын жумушчулары маалыматтардын кеч жарыяланып жатышына негизги себеп катары бюрократияны айтып жатышат. Алардын пикиринде, азыркыга чейин бир дагы маалымат жетекчиликтин макулдугусуз сайтка чыгарылбайт. Айрым учурларда бул үчүн бир нече күн кетип калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: