2017-жылдын 2-октябрындагы КР БШК жыйынында А.Келдибековдун шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын жараны А.Келдибековдон Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү тууралуу арызы келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартууга чейин А.Келдибековдун шайлоо фондусунун каражаттарынан 1 млн. сом өлчөмүндөгү каражат Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катарында которулган.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөң пассивдүү шайлоо укугунун жоктугунан, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрдагы №405 токтому менен К.Келдибековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына каттоодон баш тартылган.
А.Келдибековдун 1 млн. сом шайлоо күрөөсү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын депозиттик эсебинен кайтарылып берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ