Menu

Жарандар тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар алынууда

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 30-сентябрында милиция кызматкерлери тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде 20 жаштагы Б.У. аттуу Маевка айылынын жашоочусунун үйү мыйзамдын негизинде текшерилген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжада сарайынан “ПМ ULTRA” үлгүсүндөгү жаракаттандыруучу тапанча табылган. Алынган ок атуучу курал экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Ал эми Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери тарабынан райондун аймагынан мыйзамсыз ок атуучу куралдарды аныктоо максатында иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында 48 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылып алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эскертебиз: 241-берене (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) фактылары аныктала турган болсо, кылмыш иши козголот.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылат:
378-берене (Жарандар тарабынан атылуучу куралдарды жана аларга ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу);

379-берене (Атылуучу сайсыз аңчылык куралдарын жана анын ок-дарыларын баалап өткөрүүдөн баш тартуу):

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: