Menu

Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамга кол койду

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду. Өткөн аптада бул долбоор Жогорку Кеңеште бир добуштан кабыл алынган болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган келишимде Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда. Буга чейин такталбаган чек аранын айынан эки элдин ортосунда чыр-чатактар көп катталып, айрым учурларда кан төгүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: