Menu

MegaComду орусиялык чай саткан аялга карматканы жаткан бийликтин аракети туурабы?

Бөлүшүү:

“Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” дегендей, Кыргызстандагы бир нече саясый ызы-чуулардын негизги себепкери болгон жана аттуу-баштуу саясатчылардын “башын жуткан” (“Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖК депутаты Ө. Текебаев жана анын шакирти, мурдагы ӨКМ министри жана элчи Д. Чотонов) “Альфа Телеком” компаниясы (MegaCom соода маркасы) акыры сатыла турган болуп калды окшойт. Ал тургай мурдагы, Бакиев заманында анын баласы Максим да ушул уюлдук компанияны менчиктештирип алышы элдин нааразычылыгын жаратып, апрель революциясынын чыгышына себеп болгон.

Бийлик “Кумтөрдөн” кийинки эле кирешелүү болуп саналган бул ишкананы 2010-жылдан бери эле сатыкка коюп келет. Бирок ошол аукциондор ачык жүргүзүлбөгөндүктөн жана айланып келип эле бийликтегилердин жеке кызыкчылыгынын кесепетинен сатылбай келген. Ошондуктан жогор жактагылардын көңүлүнө жакпаган аукциондор үзгүлтүккө учурап жатты.

100 пайыз акциясы мамлекетке караган ири уюлдук оператор февраль айында 300 миллион долларга бааланып, сатыкка коюлган. “Альфа Телеком” боюнча аукцион былтыр май айында эле өтмөк. Бирок табыштамалар түшпөгөндүктөн мөөнөтү бир нече жолу жылган. Жыйынтыгында ошол кездеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Алмаз Кадыркулов отставкага кеткен. Кийинки аукцион 16-декабрга 14 миллиард 255 миллион 250 миң сом менен белгиленип, бирок ал да ишке ашпай калган. 2017-жылдын 5-июнунда дагы бир аукцион өтмөкчү болуп, наркы 13,5 миллиард сомго бааланып, тилекке каршы, бир да арыз түшкөн эмес.

Андан соң аукцион, сынак жана соода-сатыктын башка түрү үч ирет катары менен ишке ашпай калган учурда мамлекеттик объектилерди түз сатыкка коюу боюнча токтомдун долбоору иштелип чыккан.

Экономикалык көз караштан, мамлекеттик кызыкчылыктан алып караганда, эч кандай чыгымды жана каражатты талап кылбаган бул уюлдук компанияны сатуунун зарылчылыгы жок болчу. Анткени бир да завод, фабрика, өндүрүшү жок мамлекетке бюджетке ай сайын жүз миллиондогон киреше түшүрүп турган, миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болгон бул ишкана аба менен суудай эле керек эмеспи. Бирок бийликтегилер компанияны сатуу зарылчылыгын жаңылануу, заманбап технологиялар менен менен камсыз кылуунун болбой жатышы менен түшүндүрүшүүдө. Эмне үчүн ушундай технологияларды мамлекеттин менчигинде турган ишканаларга жасаса болбосун. Бул бизде мамлекеттин шал болуп, эч кандай иш жасабай, жалаң гана даяр оокатка көнгөн жалкоолугу менен кашаңдыгы болуп саналат.

Ошентип ушул жумада Россиянын Елена Нагорная деген айымы “Альфа Телеком” ЖЧКны аукциондо белгиленген 13,5 млрд. сомду төлөп, толугу менен сатып алууну ниеттенип жатканын билдирип, баарыбыздын оозубузду ачырды. Өз өлкөсүндө мурда, кийин ишкерлик чөйрөсүндө аты чыкпаган бул бай айым ким?

Елена Нагорная 1976-жылы 3-мартта Ставрополь аймагынын Невинномысск шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2004-жылы Москва институтунун Чет тилдер жана эл аралык байланыш факультетин бүтүргөн. 2013-жылы Орусиянын элдик чарбачылык академиясында “Парламенттик ишмердүүлүктү уюштуруу” программасынын алкагында кесиптик кайра даярдоо курсунан өткөн. Иш тажрыйбасы тамак-аш коопсуздугун сактоо, ата мекендик ишкерлерди колдоо тармагына байланыштуу. Нагорная 1997-2006-жылдары жүк ташуу ишмердүүлүгү менен алектенген. 2006-жылдан ушул учурга чейин Африкадан чай жана кофе импорттоо менен алектенет. Елена Нагорнаянын жетекчилиги астында Тамак-аш сапаты жана коопсуздугу ассоциациясы тарабынан “Ар кандай жаштагы адамдар үчүн туура тамактануу системи” аттуу программа иштелип чыккан. Ошондой эле ата мекендик продукцияларды колдоого багытталган иш-чараларды уюштуруп келет.

2014-жылы 16-июлда “Африка өлкөлөрүндөгү соода альянсы” деген уюмду негиздеген. Ал эми 2014-жылы 6-июндан баштап азыркы күнгө чейин “Африка ТК” ЖЧКсында башкы директор болуп иштейт. 2014-жылы 9-январда Нагорная Кенияда “Дом Кении” уюмун негиздеген. Бул уюмдун максаты Кениядагы товарларды Орусиянын базарына жайылтуу. Нагорная ошондой эле “Тамак-аштын сапаттуулугу жана коопсуздугу” журналынын ээси. Мамлекеттик Думанын өнөр жай боюнча комитетинин эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Демек, өз өлкөсүндө чай сатуу менен алектенген, журналдын ээси болуп саналган катардагы эле “челнокчу” айым Кыргызстандын мамлекеттик маанилүү, стратегиялык ишканасын сатып алуу алдында турат.

Елена айым кыргызстандык журналисттерге берген алгачкы маегинде иштин чоо-жайын айтуудан баш тартып, болгону ал “чех компаниясы эмес” экенин белгилеп, кененирээк маалымат алуу үчүн  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна кайрылуу керектигин айткан.

Ал эми аталган фонддун төрагасы Болсунбек Казаков россиялык жарандын “Альфа Телеком” компаниясын сатып алуу ниети боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди: “Мен аны менен жолукканда, ЖМКлар негативдүү маалыматтарды жазып жатканына таң калганын билдирди. Ал каражаттар легалдуу экенин көрсөтүп, далилдеп берерин айтты. Биз дагы өз учурунда каражат оффшордук эмес “таза” болушун талап кылуудабыз. Келишимге ЖМКлардын көзүнчө кол коюлат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бизге бир аз убакыт бергиле”.

Ошол эле учурда россиялык айымдын ишмердүүлүгүндөгү туура эмес жагдайлар байкалса, кол коюлбай тургандыгын кошумчалап, ызы-чуу салып, инвесторду качырбоону суранган.  “Мен дагы бардыгы мыйзамдуу негизде болушун каалайм. Эртең жооп берип калгыдай акылсыз эмесмин да. Компанияны ийгиликтүү сатып, теманы жабууга кызыкдармын. Буга чейин канчалаган кылмыш иши козголуп, камалгандар болду. Буга чекит коюлуп, компания мамлекеттин кийлигишүүсүз иштеши керек”,- деп Казаков агынан жарылыптыр.

Тынчтык Болсун аттуу ФБ колдонуучу да өз оюн мындайча билдирди: “Мегакомду сатыш керек! Сатпаса болбойт. Себеби, үн аркылуу тапкан киреше дүйнө жүзү боюнча 47%га түшүп кетти. Бара бара дагы азайат. Анын үстүнө мамлекеттик система компаниянын эркин өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат. Маселен, бир кружка сатып ала турган болсок, алты айга чейин убакыт талап кылынат. Бул башка ишканалар менен атаандашууга жолтоолук кылууда. Мындан сырткары операциондук чыгымдар бар. Ар күнү антеннналарды, базалык станцияларды жаңыртып турушбуз керек. Баткенде же алыскы айылдарга коюлган жабдуулар кымбат болгондуктан 20 жылда араң өзүн-өзү актайт. Ошондуктан жеке компанияларга сатуу керек. “Мамлекет “Мегакомду” башкарууга чамасы чак”- дешти бүгүн “Марал” радиосунда мүлк фондунун өкүлдөрү. Бул жерде туура жүйөөлөрдү коюшкан. Чай саткан аял алабы, май сатканы алабы, ал анын маселеси. Эң негизгиси компания андан ары иштеп кетиши керек. Менин сунушум “Мегакомду” ачык акционердик компания болгондуктан биржа аркылуу акцияларын КРнын ар бир жаранына сатууга чечим чыгарыш керек. Бул ишканын ээси акционерлер болсун! Мамлекет 10 пайызын алып калсын да калганын элге сатсын. Бул ыкма менен кызыктар болгон мага окшогон жарандар бир күндө акция сатып алмак. Аны менен катар толтура ээлик кылган “чөөлөр” шилекейин жутуп үмүтүн үзмөк. Себеби, 100 миңдеген акционердин ар бири менен соттошуп көр. Чачы агарып, өмүрү түгөнбөйбү. Стратегиялык жактан мамлекетке пайда алып келип жаткан ишканалардын баарын алдыга ушул ыкма менен сүрөшсө эл биржада ойногонду үйрөнмөк. Пайдалуу болмок. “КыргызТелекомдун” акцияларын неге реклама кылып сатышпайт. Эч түшүнбөйм. “Мегаком” элдин компаниясы болсун!!! КТРКны да куду ушул системага өткөрүш керек. Ошондо даана коомдук болот”.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: