Menu

Клара Кабилова аты-жөнүн өзгөртүп, бийликке жулунууда!

Бөлүшүү:

Алыста качып жүргөндөр айланып эле туулган жерине, көндүм бийлигине келип аралаша беришет экен да. Бир жылдары, Бакиевдин бийликте турган кезинде кезектеги шайлоодон кийин “коопсуздугума коркунуч туулду” деп жар салып, Кыргызстандан качып АКШнын коюнуна кире качкан Клара Кабилова деген ысымды унута электер болсо керек. Ошол “качкын” кайра келиптир. Анда сөз башынан болсун…

2007-жылы Курманбек Бакиев парламентти мөөнөтүнөн мурда таратып, кезексиз шайлоо жарыялаган. Ошондо өзүнүн кол бала “Ак Жол” партиясын Жогорку Кеңешке орун-очок алдыруунун миң түркүн амалын ойлогон. Ал амалдары иш жүзүнө ашып, жыйынтыгында, бакиевдик бийлик менен криминалдын бирдиктүү күчү түзгөн сценарийдин алкагында болуп көрбөгөндөй оюндарга жык толгон шайлоо өткөнүн эч ким унута элек болсо керек.

Болуп көрбөгөндөй оюндарга деген – ага дейре деле өлкө криминалдын алаканында кармалып жүрсө да мынчалык кара толкун бийликке агылып келген эмес эле. Ошол шайлоо Кыргызстанда кылмыштуу топтордун таасири, керек болсо бийликти да чапчырын аңдаттырган. Дайыма кайсы бийлик келбесин жетегинде, берген тапшырмаларын кынтыксыз аткаруу менен айлыгын актаган Борбордук шайлоо комиссиясы да ошол убактарда мыйзамдуулукту четке ыргытып коюп, “каралардын” катаал түшүнүгү менен иш жүргүзгөн. Жыйынтыгында, элдин каалоосу менен эсептешкен жан табылбай, добуштар деле саналбай, бийликтин зомбулукка салып чыгарган чечимдерин мыйзамдаштырып гана беришкен. Ошол кездеги айтылуу БШКнын башында, төрайымы болуп Кабилова Клара турган. Бул айым Бакиевдердин кичи мекени Сузак жергесинен болоорун да коомчулук ошол замат ийне-жибине чейин иликтеп чыга калышкан. Жердешчилик басымдуулук кылганбы, же жеке керт башынын коопсуздугунан коркконбу, айтор Клара айым камырдан кыл сууругандай кылып эле, шайлоонун жыйынтыгын бийлик каалагандай бурмалап берген. Бийликтин башкы атаандашы “Ата Мекен” партиясынын алган добушун азайтып, башканыкын көбөйтүп койгондордун башында Клара Кабилова турган. Бирок, окуя кийинчерээк кызып, бир күнү эле Клара Кабилова чет мамлекетке качып кетиптир деп уктук. Качканда да жөн кетпей, өтө маанилүү маалыматтарды биле турганын, ошондуктан бийликтен коркутуу болуп, кара жанын аман алып калуу максатында демократияны туу туткан өлкөгө кеткенден башка аргасы калбаганын жарыялаган. Кандай маанилүү маалыматтар болмок эле – шайлоонун жыйынтыгы кандай абийирсиздик менен бурмаланганын, ал абийирсиздиктин бир учун Кабилова кармап турганы эчак эле коомчулукту аралап кеткен эле да. Анан анын капысынан эле чындыкты талашып, чындык үчүн күрөшкөндөй, “куугунтукка” кабыла калганы таң калыштуу болгон. Кыязы, кылган кызматын соодалашууда, көз караштар төп келбей калганда, таарынычын шантаж кылмайга көбүртүп, бийлик эсине келтирүүгө бир умтулганда эле учкан бойдон АКШга кеткен окшойт. “Өмүрүмө коркунуч келип атат” деп тим эле акыйкаттты туу тутуп, шайлоодо бийликтин тапшырмасына камырап койбой, элдин чыныгы добушун санап салгансып, өзүн эр сезип алган неме аман-эсен жүрүптүр. Жүрмөк тургай, кайра эле өлкөгө ыңгайлуу орунду элөө үчүн кайтып келиптир.

Тагдырдын тамашасын караңыз, азыр “Ата Мекен” партиясынын үстүнөн кара булут айланып, лидери  темир тордун артына тыгылып, депутаттык мандатынан ажырап жатканда анын ордуна так ошол КАБИЛОВА КЛАРА атын өзгөртүп ГҮЛНАРА САМАТ деген ат менен келгени жатат. Албетте, окурмандарда бул айым кантип “Ата Мекен”  партиясынын шайлоо тизмесинин алдыңкы саптарына илинип калган (?) деген суроо пайда болушу мүмкүн. Бирок, бул суроого жооп берүү кыйын. Партиянын тизмесин эч ким менен кеңешпей жалгыз өзү түзгөн Текебаев гана бул сырдын жандырмагын билет дешет.

Азыр Бакиевдин үй -бүлөсүнүн, бир туугандарынын, алардын табакташтарынын үстүнөн кылмыш иштери козголуп, кармаганын камап, качып жүргөндөрүн издеп жаткан учурда,  эмне үчүн өлкөнүн аброюн булгаган, шайлоочулардын тандоосуна түкүргөн,  же тагыраак айтканда, мамлекеттик кылмыш жасаган КАБИЛОВА КЛАРАга  бүгүнкү бийлик чара көрбөйт?  Же шайлоо босогосунан ошол кезде өтпөй калган КСДП партиясын “Ата Мекендин” ордуна мыйзамсыз, кулагынан тартып чыгарып бергени үчүн бүгүнкү бийлик Клара Кабилованын Гулнара Самат болуп кеткенин билмексен  болуудабы? Кларанын Гүлнарага айланып кетиши жоопкерчиликтен кутулду дегенди билдирбейт. Миң ирет Гүлнара болсо да Клара кезиндеги акыйкаттыктын алдындагы олуттуу кылмышы бетине чиркөө бойдон тура берет. Атын алмаштырганы менен бетин алмаштырбады болушу керек…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: