Menu

КР БШК Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына шайлоо бюллетендерин жөнөттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 3-октябрында «Учкун» басмаканасында Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын аймактык шайлоо комиссиялары үчүн  шайлоо бюллетендерин кабыл алуу жана жөнөтүү актына кол коюу аземи өттү. Ал эми Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарына шайлоо бюллетендери 4-октябрда жөнөтүлөт. Бул туурасында комисиянын басма сөз кызматы билдирет.

Басмаканадагы ылгоо жумушунан кийин шайлоо бюллетендери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүлүп берилет.

Актыга кол коюу иш-чарасына КР БШКнын  кеминде үч мүчөсүнүн  жана талапкерлердин, саясий партиялардын, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жараксыз жана ашыкча шайлоо бюллетендери бардык катышуучулардын көзүнчө жок кылынып, акт түзүлүп, алардын колдору коюлат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүү ишине катышууга укугу бар.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамдын 30-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык шайлоо бюллетендерин тиешелүү шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү, күнүнө 10 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 2-1 күн калганда  жүзөгө ашырылат.

Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайыздан ашышы мүмкүн эмес.

Басмаканын, шайлоо комиссияларынын орун жайларынан, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен, шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөсүн алууга жана тартууга тыюу салынат.

Шайлоо бюллетени атайын байланыш менен коопсуздугун камсыз кылуу менен жөнөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: