Тажикстандын Орусиядагы элчилиги “Москва” соода борборунда сабалган мигрантка байланыштуу дүйшөмбүдө Орусиянын ТИМине нота жөнөттү. Анда Навруз Зикировго кол көтөргөндөрдү жоопко тартуу, окуяны калыс жана тыкыр иликтөө талап кылынган.
Буга чейин Орусия президентинин алдындагы жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңеш “Москва” соода борборунда тажик мигрантынын сабалышын текшерүү өтүнүчү менен Орусия ИИМине кайрылган.
20-сентябрь күнү кечинде Москванын Тихорецкий бульварында “Москва” соода борборунун күзөтчүлөрүнө нааразы болгон тажикстандык мигранттар каршылык акциясын өткөрүшкөн. Буга 27 жаштагы жүк ташуучу Навруз Зикировдун сабалып өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтын таркашы себеп болгон.
Бул арада “Москва” соода борборунун дирекциясы Навруз Зикировду ооруканадан чыккандан кийин дароо Тажикстанга жөнөткөнү белгилүү болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ