Menu

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин билдирүүсү

Бөлүшүү:

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

15-октябрда Кыргыз Республикасынын жаңы  Президентин шайлоо өткөрүлөт.

Бийликтеги Мамлекет башчысы катары мен  өз милдетимди  жарандардын өз эрки менен  эркин добуш берүүсү үчүн шарттарды  камсыз кылып жана тыштан кандайдыр бир кысым көрсөтүүдөн коргоо деп түшүнөм.

Шайлоочулар  ошондой эле  аларга жалган маалыматты таңуулоо аракетинен корголууга тийиш. Президенттик шайлоолордун  жыйынтыгынын  маанисин  жана алардын өлкөнүн тагдырына таасирин  эске алуу менен, коомдук пикир менен манупуляциялоо   Кыргыз Республикасындагы  коомдук-саясый кырдаалдын туруктуулугуна жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши ыктымал.

Тилекке каршы,  талапкерлердин биринин эч нерсе менен ырасталбаган “калктын 65%” биринчи турда эле”  ага “добуш берүүгө даяр”  имиш  тууралуу  маалыматты коомго таңуулоо аракети  мына ушуга  мисал болуп саналат. Жарандарды  деструктивдүү аракеттерге тартуудан коргоо максатында  коомчулукка реалдуу маалыматты жеткирип коюуну маанилүү деп эсептейм. Атап айтканда  Кыргызстандын  алдыңкы социологиялык кызматтары тарабынан 2017-жылдын март айынан октябрга чейин жүргүзгөн социологиялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: