Казакстанда Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги Санитардык авиациянын учагынын кыйрашын иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн жарыялады.
Санитардык авиациянын учагы 3-октябрда 18.35те Алматыдан Шымкентти көздөй учуп, 12 мүнөттөн кийин локатордон жоголуп кеткен. Кийинчерээк аба кемеси айдоо талаасына кулап, күйүп кеткени аныкталган. Кырсык учурунда электр өткөрүү линиялары үзүлгөн.
Алматы-Шымкент-Алматы багытында сыркоого кеңеш берүү максатында бараткан беш киши тең мерт кеткен.
Борт командири Геннадий Цой Кыргызстандын жараны экени айтылууда. Экинчи учкуч Евгений Кутафин, авиатехник Бейшебек Акматбаев жана эки медициналык кызматкер – акушер-гинеколог Талгат Патсаев менен реаниматолог-дарыгер Жанибек Артыкбаев экени аныкталды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ