Menu

Эрдоган Тегеранда күрт автономиясындагы референдумду талкуулайт

Бөлүшүү:

Бүгүн Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий сапары менен Иранга барды. Маалыматка караганда, бул сапар Иран президенти Хасан Руханинин чакыруусу боюнча ишке ашууда.

Эрдоган баштап барган делегациянын күн тартибине ылайык, түрк тарап Ирандын президенти жана биринчи вице-президенти менен жолугушуп, кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлат. Сапардын жүрүшүндө Эрдоган Рухани менен эки тараптуу мамилелерди, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиптеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде Ирак менен Сириядагы абалды талкуулайт деп күтүлүүдө.

Күн мурун Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тегеранга болгон сапары маалында Ирактагы күрт автономиясынын көз карандысыздыгы тууралуу референдумду талкуулай турганын билдирген.

«Иранда биз түндүк Ирак маселесин талкуулайбыз, андан соң биздин колубузга олуттуу жол картасы тиет», – деген Эрдоган. Түркия менен Иран референдумдун жыйынтыгында аймактагы экстремисттик күрт топторунун ишмердүүлүгү кескин жанданып кетет деп божомолдоодо. Мындан улам Тегеран менен Анкаранын бул коркунучка каршы биргелешкен аракеттердин механизмин түзүшү зарыл болууда.

Мурдараак Түркия, Иран жана Ирак күрт автономиясын пландалып жаткан көз карандысыздык тууралуу референдумду өткөрүүдөн баш тартууга чакырып, эгер добуш берүү болсо контрчараларды көрө тургандыктарын эскертишкен. Бирок 25-сентябрда аймакта референдум өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: