Menu

“Ата Мекен”: “Алмаз Шаршенович! Сиз берген антыңызды буздуңуз. Сиз тарыхта өз бийлигин өз элине каршы пайдаланган президент катары каласыз!”

Бөлүшүү:

Урматтуу Алмаз Шаршенович!

Үй-бүлөлүк-кландык мамлекеттик башкарууга каршы күрөшкөн Сиздин тарапташтарыӊыздын мыйзамсыз камалганынан бери 7 ай өттү. Алар менен биргеликте Сиз кыргыз элинин алдында адамдардын укугун коргоого, коррупцияны жок кылууга, парламенттик демократияны курууга жана сот бийлигинин көз карандысыздыгы үчүн ант бергенсиз. Сизге колдоого муктаж болгон эӊ оор учурларда  жаныӊызда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдор болушуп, жалпы максаттарды туу тутарыӊызга ишенишкен.

Тилекке каршы, бийликке келгенден кийин эле Сиз көзөмөлдөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу  тарапташыӊыз Текебаевди жана анын партиялаштарын келекелөө баштады. Бул кадамдар Сиздин катышууңуз менен болуп жатканы дароо эле түшүнүктүү болгон. Бирок убакыт өткөн сайын мындан башка дагы аракеттер көрүлүп, ишенген күч органдарыӊыз эч кандай далилдей албаган мародерчулук сценарийи талкалангандан кийин, «Белизгейттин» баш-аягы жок  сценарийи иштелип чыкты. Сиздин кол алдыӊыздагы УКМК менен КТРК эч бир далили, же күбөсү жок эле  тарапташыӊызга жалаа жабууга өтүштү.

Бирок, «Белизгейттин» сценарийин да Сиздин күч органдарыӊыз ишке ашыра алышкан жок, бирок,  дал ушул «көмөкчүлөрүӊүз» абдан булганыч  ыкмаларды  колдонушту. УКМКнын жаӊы «пьесасында» эми чет өлкөдөн келген шылуун, башка турмак, өз өлкөсүндөгү мыйзамды сыйлабаган Маевский аралашты.

Бул эмне үчүн жасалды? Бир гана Сиздин көӊүлүӊүздү алыш үчүнбү? Же коррупциялык акчалардын жардамы менен Сиздин бийлигиӊизди сактап калууга көмөктөшкөндөргө каршы туруп,  айланаӊыздагы адамдардын жыргап-маарышына оппозициячы Текебаев тоскоолдук кылгандыгы үчүнбү? Дээрлик 30 жыл бою өз өлкөсүнө кызмат кылган Текебаевди эмне үчүн камашты?

Өмүрбек Текебаев – майтарылбас, бийлик сунуштаган байлык-бийликке көз артпаган саясатчы. Мурунку эки бийлик да аны ар түрдүү ыкмалар менен өз тарабына тартууга курулай аракет кылышкан. Бирок, Текебаев өзүнүн тарыхый миссиясын өлкөбүздүн өнүгүшүнө, калкыбыздын жыргалчылыгына алып келүүчү саясий институттарды Кыргызстанда орнотуудан көрөт.

Текебаев менен  эки башка жолго түшүп, сиз өзүӊүздүн бийик миссияӊыздан баш тартып, элге берген антты буздуӊуз. Биз Сизди бийликке бөлөк максат менен келген адам экениӊизди түшүнө албаганыңызга өкүнөбүз. Бүгүн биз: саясий репрессиялар, адвокаттардын жана журналисттердин мал-мүлкүн тартып алуу боюнча көптөгөн соттук процесстер, өз алдынча эркин ой жүгүрткөн адамдарды камакка алуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген бардык укуктардын бузулушу – өӊдүү мыйзамсыз иш-аракеттердин күбөсү болуудабыз. Бийликке келерде Сиз каршы күрөшүүгө убада берген коррупция бүгүн гүлдөмөк түгүл, мамлекеттик башкаруу системасын багындырган эбегейсиз чекке жетти.

«Ата Мекен» партиясынын лидери ушул маселелерди парламентте көтөрүп, тез арада чечүүнү аткаруу бийлигинен талап кылгандыгы үчүн аны өз кол астыӊыздагы сотторду колдонуу менен, ишти одоно фабрикациялоого жана фальсификациялоого уруксат берүү менен камадыңыз.

Биз Сизден Текебаевди жана башка отузга жакын саясий камактагыларды бошотуу тууралуу өз чечимиӊизди кайрадан карап чыгууну суранбайбыз. Анткени, эмнеге жөндөмдүү болсоӊуз – ошону иштедиӊиз. Биз 2012-2017-жылдардагы президент кандай болгонун кийинки муун билсин деген ойдо ушул кезектеги билдирүүнү жасап жатабыз. Ушул мезгилде канча тагдырларга балта чаап,  канчалаган  күнөөсүз адамдардын убактысын бекерге коротконузду, канчалаган адамдардын көңүлүн оорутканыӊызды Сиздин урпактарыӊыз билишсин! Сиз тарыхта өз бийлигин өз элине каршы пайдаланган президент катары каласыз. Тарыхтын баасы Сиз үчүн өтө эле ачуу болот!

“Ата Мекен” партиясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: