Президенттик шайлоону өткөрүүгө тиешеси бар мамлекеттик органдар менен аткаминерлер «Акыйкат шайлоо үчүн» жарандык кыймылынын кайрылуусуна кайдыгер мамиле кылууда. Мындан улам бийлик бутактарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин белгилеп коюу сунушталды. Болбосо шайлоо боюнча конституциялык мыйзамды бузган жогорку кызматтагы чиновниктер жоопкерчиликти сезбей, жер-жерлерде административдик ресурсту колдонууну улантышууда. Эскерте кетсек, жакында эле жарандык кыймыл кичи мекендеринде үгүт иштери менен алектенип жүргөн аткаминерлердин тизмесин жарыялаган. Бирок БШК дагы, шайлоолорду уюштуруу боюнча республикалык штаб дагы үн каткан жок.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ