Menu

Ысык-Көл облусунун тургуну эчки тыбытын уурдаганы үчүн кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 17-август күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор районунун 43 жаштагы Д.Н. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Бул туурасында Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Себеби, 2017-жылдын апрель айынын орто чендеринде Кочкор айылында жайгашкан кампалардын биринин терезесин сындырып киришип, ичинде турган 60 килограмм салмактагы эчки тыбыттары менен 30 килограмм жез металлдарын белгисиз адамдар жашыруун түрдө уурдап кеткенин билдирген.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун 23 жаштагы Ж. Д. аттуу тургуну кармалып, тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат. Шектүү Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: