Бу жалганда «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк» болбойт эмеспи. Депутат, губернатор, элчи, өкмөт курамында да бийик постторду ээлеп келген Бектур Асановду өткөн жылы кайсы «кара теке» сүзгөнү белгисиз, алды-артын карабай, бийликке каршы кайдагы бир бузукулардын тилине кире коюп, торго чалынып калган. Өзү абактын артында бир жарым жылдан бери адилеттүүлүктү күтүп жүрсө, бул аралыкта үй-бүлөсү моралдык-материалдык жактан кыйналганы, балдары атасын күтүп жол карашканына билгендер айтып калышат. Өзү да бийликте жүргөндө башка саясатчы, чиновникгер сымал улунуп-жулунуп, материалдык байлык топтобой, таза иштегендиги, анын айынан башына иш түшкөндө үй-бүлөсү материалдык жактан кыйынчылык тартып жатышабы? Каарманыбыз канчалык чымырканып, түрмөнүн түйшүгүнө моюбаганы менен абак баары бир эртели-кеч өзүнүкүн алат да. Мындай шартта Бектур мырзага бекем эрк, ден соолук жана мойнундагы жазасынан кутулуп, эркиндикке эртелеп чыгып алышына тилектешпиз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ