Menu

Шайлоону урганыбыз барбы?

Бөлүшүү:

“Жөжө” өкмөт башчы Сапар Исаковду Саламаттык сактоо министри Батыралиев далыга таптап, мыйзамды тебелеттирди. Курортология илим-изилдөө институтуна жаңы директор болуп Марат Сагымбаев шайланды, тойс дайындалды. Илим-изилдөө институттары жана ЖОЖдор жөнүндөгү Жобого ылайык бул мекемелердин жетекчилери дайындалбастан, жамаат тарабынан шайланышы керек эле. Бул жерде шайлоо өткөнүнө бир жылдын жүзү толуп-толелек.

Бирок жаңы шыпыргы эшик алдына суу сеппестен эле шыпырып жиберди да, илим-изилдөө институттары менен ЖОЖдор арасында чыккан чаң асманга бырыксып эле жатып калды.

Эми аларда да шайлоо-пайлоо деп отурбай эле ректорлор менен жетекчилерин дайындоолор башталат окшойт. Батыралиевдин артынан билим берүү жана илим министри Кудайбердиева өз кадрларын кайсы ЖОЖго отургузсам деп алакан ушалап, резюмесин даярдагандар анын эшигин сагалап калган кези.

Негизи Кыргызстанга шайлоонун деле кереги жок болуп калды окшойт. Президенттик шайлоодо мыйзам көзгө илинбей жаткандан кийин ЖОЖдордун жетекчилери болбогон бир пешкалар да. Алар да “айт” десе “хайт” деп канча миң студентти урнага даярдап коюшкандыр.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: