Menu

Аянттагы уй кимдики?

Бөлүшүү:

Ушул жумада Бишкектин чок ортосунда демейдеги көрүнүш болгон менен күтүлбөгөн жана таң каларлык окуя катталды. Анда бир белгисиз уй Ала-Too аянтында ээ-жаа бербей, ары бери өткөн жөө адамдарды сүзүп, эки аялды жабырлантты. Бул машина баратып жибин узуп алып секире түшкөн уй алгач 51 жаштагы аялды сүзгөн. Андан соң Чүй проспекти менен Ак үй тарапка багыт алган уй 91 жаштагы пенсионерди дагы сүзүп салганы белгилүү болду. Жабыркаган кемпир Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Дарыгерлер карап чыгып, акыреги сынып кеткенин аныкташты. Травматология бөлүмүнө жаткырылган оорулуунун абалы учурда канааттандырарлык. Экинчи аял дагы ооруканага жеткирилип, бирок жаракаты женил болгондуктан, амбулатордук дарыланууга жиберилген. Бирок бул мексикалыктардын Коррида оюнундай чаң салган уйдун ээси ким экендиги коомчулукка айтылган жок. Канткен менен борбор калаанын чок ортосунан уй жүктөгөн машиналардын өтүүсүнө тыюу салынат эле. Адатта айдоочуларды мышыктай аңдып, кичине эле эрежени бузган учурда токтото калып, айып салган ЖКК инспекторлору бул учурда кай жакты карап турушту экен? Канткен менен стратегиялык аймак болуп саналган Ала-Тоо аянтына кирип-чыккан транспорт кыймылы, алар жүктөгөн буюмдар текшерилиш керек го.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: