Menu

Улуттук илимдер академиясында эгемендүүлүк жылдарынан бери даярдалып, басылып чыккан китептердин көргөзмөсү өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан эгемендүүлүк жылдарынан бери даярдалып, басылып чыккан китептердин көргөзмөсү өттү. Анда УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Жуматаев, УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун  директору, академик Абдылдажан Акматалиев, КРнын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев  жана УИАнын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Биймырза Токторалиев кызыл тасманы кесип, көргөзмөнү ачып беришти.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун  директору, академик Абдылдажан Акматалиев көргөзмө жана андагы бир нече жылдык эмгектер тууралуу айтып жатып: “Бүгүн Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда өзгөчө күн болууда. Эгемендүүлүктөн кийин каражаттын тартыштыгынан китептер чыкпай калган эле. Бирок, ошого карабай тил менен адабиятка басым жасап, көркөм чыгармаларды, энциклопедияларды, сөздүктөрдү, томдуктарды жана монографияларды чыгарып келдик. Совет доорунда тыюу салынган чыгармалар биринчи жолу жарык көрүүдө. Окурмандардын талаптарын канааттандырууга аракет кылуудабыз деген ойдомун”, – деди.

Ал эми КРнын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору Назаркул Ишекеев байыртадан келе жаткан баалуулуктардын көздүн карегиндей сакталуусу керектигин белгилеп: “Бүгүн мына илимдер академиясында өтө баалуу болгон китептердин көргөзмөсү өтүүдө. Бул китептер республикалык, облустук, райондук китепканалардын бардыгына бекер берилип жатат. Ошондой эле жогорку окуу жайлары менен орто мектептерге дагы жетүүдө. Экинчи тарабынан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, илимдер академиясынын электрондук сайттарына киргизилди. Бул дагы жакшы жаңылык. Ошондуктан, бул аракет менен “КРнын 2014-2020-жылдардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы” өз сапарын улап жатат десе болот”, – деп кошумчалады.

“Манас” сериясынан Сагымбай Орозбаковдун (9 томдугу), Саякбай Каралаевдин (6 томдук), Тоголок Молдонун (3 томдук), Багыш Сазановдун (3 томдук) варианттары, «Манас» энциклопедиясы” (2 томдук), “Манас” сөздүгү жана башкалар басылып чыккан. Ал эми «Эл адабияты» сериясына – “Кожожаш”, “Эр Төштүк», “Эр Табылды”, “Жаныш, Байыш”, “Курманбек” сыяктуу кенже эпостор, элдик поэмалар, Кыргыз эл кошоктору, тарыхый ырлар, санат, насаат ырлары, каада-салт, ырым-жырым, жаңылмачтар, калптар, учкул сөздөр, тамсилдер, мыскылдар, элдик оюндар, дин ырлары, күү ырлары, сүйүү ырлары, балдар фольклору, кереметтүү жомоктор жана турмуштук жомоктордун томдуктары кирген.

 Көргөзмөгө коюлган китептер “Манас”, “Эл адабияты”, “Залкар акындар”, “Айтыш”, “Окурмандын китеп текчесине”, “Кыргыз адабиятынын тарыхы”, “Классикалык изилдөөлөр” жана “Энциклопедиялар” сериялары боюнча жарык көргөн.

«Залкар акындар» сериясында Кетбука, Асан кайгы, Токтогул ырчы, Калыгул, Арстанбек, Калык, Осмонкул, Балык, Солтобай, Жаныш, Нурмолдо, Боогачы, Токтосун, Эстебес, Ашыраалы ж.б. бар. Ошону менен катар эле  «Айтыш» сериясында аталган өнөрдүн томдуктары, «Окурмандын китеп текчесине» сериясынан М.Элебаев, К.Баялинов, Ж.Бөкөнбаев, Т.Үмөталиев, Т.Абдымомунов, Ч.Айтматов, Т.Адышева, Ж.Мавлянов, З.Сооронбаеванын ж.б. (30 том) китептери жарык көргөн. «Кыргыз адабиятынын тарыхы» сериясынан “Кыргыз адабиятынын тарыхы” (10 томдук), “Азыркы кыргыз адабияты” жана «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын 10 томдугу камтылган.  Мындан сырткары Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан буга чейин “Токтогул энциклопедиясы”, “Алыкул Осмонов энциклопедиясы” “Сагымбай Орозбаков энциклопедиясы”, “Саякбай Каралаев энциклопедиясы” жана “Айтматов энциклопедиясынын” 3 томдугу басылып чыккан эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: