Алмаз Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Ысык-Ата аймактык ооруканасынын түзүмдүк бөлүмүнүн имаратынын оңдоо иштерин аяктоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгына финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 6 000 000 (алты миллион) сом бөлүндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ