Menu

Видео – Бүгүн Кочкор-Атада бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековго оппозициячыл талапкер Адахан Мадумаров саясый чабуул жасады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-октябрда саат 15.00.дө Кочкор-Ата шаарынын стадионунда оппозициячыл президенттикке талапкер Адахан Мадумаров эл менен жолугушуу өткөрмөк. Өзүнүн шайлоо фондунан ижара акысын алдын-ала төлөп да койгон. Бул тууралу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жаштар канатынын өкүлү Мирбек Мунарбек уулу билдирди.

Бүгүн Адахан Мадумаровдун тарапкерлери стадионго жыйналганда жергиликтүү бийлик өздөрү жыйнап келген элди аларга аралаштырып, стадионду толтуруп, КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууну баштап жиберишет.

Оппозициячыл президенттикке талапкер Адахан Мадумаров үгүт машинасы менен кирип барып сөз сураганда Сооронбай Жээнбеков жолугушууну шашыла бүтүрүп, чыгып кетип калат. Эл “Жээнбеков качты!” деп каткыра башташат. Бирок, Жээнбековдун үн күчөткүчтөрү катуулап иштеп, музыка коюп Адахан Мадумаровду сүйлөтпөй, жолугушууну үзгүлтүккө учуратууга аракет кылат.

Эл Сооронбай Жээнбековдун үн чыгаргычтарын өчүрүүнү талап кылып кыйкырышып, Адахан Мадумаровдун сөзүн угабыз деп ызы-чуу салганда алар токтоого аргасыз болушат. Андан кийин сөз сүйлөгөн Адахан Мадумаров КСДПчы талапкер Сооронбай Жээнбековдун дарегине ачуу сындарды айтты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: