Menu

Видео – Өзбекстанда оппозициялык активист Агзам Тургунов эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

7-октябрда Өзбекстанда оппозициялык маанайдагы «Эрк» демократиялык партиясынын активисти жана каттоодон өтпөгөн «Мазлум» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Агзам Тургунов эркиндикке чыкты. Ал 2008-жылы «пара талап кылуу» айыбы менен он жылга кесилген.

Ташкенттеги «Эзгулик» адам укугун коргоо уюмунун активисти Абдурахман Ташанов Фейсбуктагы баракчасына Агзам Тургунов экөөнүн тасмасын жарыялады.

https://www.facebook.com/abdurakhmon.tashanov/videos/10209946621974016/

Агзам Тургунов 2008-жылы ажырашып жаткан түгөйлөрдүн ишиндеги жактоочулук иши үчүн пара талап кылуу айыбы менен он жылга соттолгон.

Укук коргоочулар Тургунов камалгандан кийин 18 күн жалгыз кармалып, сурак маалында укук коргоо кызматкерлери далысына кайнак суу куйгандыгын билдиришкен.

Акыркы үч-төрт күндүн ичинде Өзбекстанда үч саясий туткун эркиндикке чыкты. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда, алардын үчөөсү тең жалган айыптоолор менен узак мөөнөттөргө кесилишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: