Menu

Навальныйды колдоо акцияларында 290 киши кармалды

Бөлүшүү:

7-октябрда Орусиянын 26 шаарында өткөн оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акцияларында 290 киши кармалды. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» басылмасы бардык шаарлардагы кармоолор боюнча маалыматтардын топтомуна таянып билдирди. Акция катышуучулары эркин шайлоо өткөрүү жана цензураны токтотууна талап кылышкан.

Жекшембиге оогон түнү полиция Москванын Манежный аянтындагы митингди кубалап тараткандан кийин бир топ активисттер акцияны Чистые пруды районунда улантуу үчүн жөнөшкөн. Жолдон полиция бөлүмүнө жакындаганда 18 адам, анын ичинде Свобода радиосунун кызматкерлери Андрей Киселев менен Беат Бубенец кармалган. Алар полиция бөлүмүндө бир саат кармалышып, Бубенец менен профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн.

Учурда камакта жаткан Алексей Навальный Москва полициясынын бул аракеттерин «Кремлдин оюну» деп атап, нааразылык акцияларына канааттанганын билдирди.

Кармоолор Санкт-Петербург шаарында дагы болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: