Menu

Вице-премьер каза болгон автокырсыктагы КамАЗдын айдоочусу СИЗОго киргизилди

Бөлүшүү:

Садовой айылында болгон автокырсыкка катышы бар КамАЗдын айдоочусу эки айга СИЗО-1ге камалды. Бул туурасында Чүй облустук ИИББнын ПМБ билдирди.

Маалыматка ылайык, авария болгондон кийин дароо жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу кандагы алкголдун бар же жок экендигин көрсөткөн текшерүдөн өткөн. Биринчи текшерүү эч нерсе көрсөткөн эмес. Коюлган экспертизалардын жыйынтыгы болсо он күндөн кийин белгилүү болот.

Эске салсак, кырсык 7-октябрда саат 6:30да Бишкек-Чалдовар унаажолунун 36-километринде болгон. КамАз жана Toyota Land Cruiser Prado унааларынын кагышынан улам үч адам – вице-премьер министр Темир Жумакадыров, анын айдоочусу жана жардамчысы каза болгон.

КамАздын айдоочусу – Т.А. 1992-жылы туулган, Чүй облусунун Панфилов районунун тургуну.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: