Menu

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ишкерлери менен жолугушту

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 8-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкерлер менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер  Мамлекет башчысына акыркы жылдары өлкөдө бизнес жүргүзүүгө жана ишкерликти өнүктүрүүгө шарт түзүү,  арзан кредиттик ресурстарга жетүүнү камсыз кылуу,  көзөмөлдөп-контролдоочу   жана уруксат берүү  жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча  кабыл алынган чараларга тиешелүү суроолорду беришти.

Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө, анын бакубатчылыгын арттырууда ишкерлердин  ролун жана салымын  баса белгиледи. «Ишкерлер, фермерлер, чакан жана орто бизнес – өлкөнү багып жаткан адамдар»,- деди ал. – Ошондуктан  алар ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүш керек».

Алмазбек Атамбаев «Таза коом» программасын ишке ашыруу салык кызматынын ишкерлер менен түзмө-түз иштешине бөгөт коет, деп сөзүн улады. Анын пикири боюнча  бизнес үчүн тиешелүү инфраструктура түзүүгө көп күч аракет жумшалды.  Алсак, акыркы жылдары энергетикада жана жол курулушунда  ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды. Андан тышкары ишкерлерге жеткиликтүү кредиттерди берүү үчүн шарттар түзүлүп,  жогорку деңгээлде чет элдик өнөктөштөр менен буга чейин  жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жаңы финансылык ресурстардын келиши күтүлүүдө.

Ишкерлер менен  жолугушуунун жүрүшүндө башка  суроолор менен бирге бир катар сунуштар  дагы айтылды, ушуга байланыштуу  Мамлекет башчысы мамлекеттик органдарга  конкреттүү тапшырмаларды берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: