Menu

Нургазы да кызмат үчүн Бабановду сатып кеттиби?

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык кеңешинен түз эле Жогорку Кеңешке депутат кылып алып келген Өмүрбек Бабановдун командасында Нургазы Нишанов деген эрен бар эле. Бул жигит да кызмат үчүн баарына даяр экенин көрсөтүп, төшүнө мандат таккан шефин кыйын учурда сатып кеткендей болду.  Нишановду өлкөдөгү майлуу-сүттүү делген “Кыргызнефтегазга” директор болуп барат экен деген сөздөр чыгып, Нишанов өзү да ал жерге барууга катуу даярдык көргөн. Бирок, көздөгөн жери башка бирөөгө буйруп, токочун жулдуруп жиберген баладай болуп олтуруп калган эле. Шайлоо өнөктүгү башталганда эле Нургазы Нишанов СДПКнын офиси жайгашкан “Форумду” тегеректеп жүргөнүндө кеп бар экен да. Ал партлидери Бабановдун талапкерлигин колдогондун ордуна, кызмат ордун соодалап жүргөнбү деген ойго жетеленет экенсиң.  Эми минтип “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасына директор болуп дайындалып, депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырып кете берди. Жигит деген жанында жүргөн адамын кыйын күндө таштап баса бербейт эле. Нишановдо бул сапат кызмат ордуна соодалашуу менен алмашкан сыяктуу.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: