Menu

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат: «Мегаком” мамлекетке көп салык төлөгөн ийгиликтүү компания, аны сатпаш керек эле»

Бөлүшүү:

— Өмүрбек байке, буга чейин Текебаевди миллион алган деп жеке өзүңүз депутат кезден баштап айтып келдиңиз эле. Кечээ Равшан Жээнбековдун миллион алганын баарыбыз эле билчүбүз деп айтканы интернетке чыкты. Айтканым тастыкталды деп жеңилдеп калдыңызбы?

— Тескерисинче, оордоп калдым. Текебаевдин пара алганын Равшан өзү мага биринчи айткан, кийин Чотонов алганыбыз чын деген. Мен Равшандын мага биринчи айтканын сотто айткан эмесмин. Анткени “досумду” коргогом, экинчи досумду сотко чакырып сураса “мен антип айткан эмесмин ” деп мени калпычы кылмак. “Кыңыр иш 40 жылда билинет” дегендей чындыкты айтканы чыгып калды. Ошол эле учурда Текебаевди колдоп митингдерге чыгып жүрдү. Жанагы “таза шайлоо” деген коомунда Текебаевди саясый куугунтуктун курманы ” деп жарыялады. Мен адамдардын моралдык жактан таза эместигине көнүп алганына оорлоп атам.

— Сиз президенттикке талапкер болуп чыккандардын баарын эле сындап жатасыз. Көңүлүңүзгө толгон бир да адам болгон жокпу?

— Азыркы талапкерлердин ичинде мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, экономиканы реформалай тургандары жок. Ошол себептен алардын каталарын айтып сындап келем. Азыркы шайлоо жапайы болуп жатканы өкүндүрөт. Чоң акча менен административдик ресурстун гана шайлоосу болуп жатат. Булар элди бузуп бүтүштү. Мен сунуштаган акча жана административдик ресурс колдонулбаган шайлоо Концепциясын эч ким уккусу жок. Сатып алганга, сатылууга элибиз да көнүп калды.

— КТРК уюштурган дебаттарды көрүп жатсаңыз керек. Президенттик шайлоо учурундагы дебаттар ушул негизде өтүшү керекпи? Коомдук каналдын берүүсүн дебат деп айтканга болобу?

— Бул дебаттар дебат эмес. Дебат деген жок дегенде 3 ай болуш керек. Америкада 1 жыл болду. Ошондо акчанын, бийликтин жарышы эмес, идеялардын, концепциялардын жарышы болуп, элдин көпчүлүгү ошол дебаттардын жыйынтыгы менен добуш бермек. Шаарларды толтурган тышкы рекламаларга, стадион, ипподром толтуруп артисттерге концерт койдурганга тыюу салыныш керек. Жолугушууларды жергиликтүү бийликтер уюштуруп, ага талапкерлер БШКнын бир автобусу менен барып, кайра чогуу келишсе сонун болмок. Джиптердин, байлыктын демонстрациясы ошондо токтойт. Мен сунуштаган шайлоо Концепциясында ушул жана башка принциптер камтылган. Азыр Текебаевдин жазган шайлоо мыйзамы менен кете берсек, акчасы азыраак, бирок акылдуу жана реформатор адамдын шайланышка шансы жок.

— «Мегаком” боюнча иликтеген комиссияда жүрдүңүз эле. Азыр “Мегаком” түз сатылып жатат. Сатылышы мыйзам ченемдүү эле болуп жатабы?

— Убактылуу Өкмөт “Мегакомдун” 51 пайызын Максимге калтырып коюшуп, соодалашып акча жасашкан. Мен депутат болуп келээрим мен 51 пайызды тезинен мамлекетке алыш керек деп чырылдай бергем. Комиссия түзүлүп, мен аны жетектеп калгам. Тезинен Максимдин 51 пайызы мамлекетке алынсын деп чечим чыгарып бергенбиз. Азыр “Мегаком” мамлекетке көп салык төлөгөн ийгиликтүү компания. Аны сатпаш керек эле. Тилекке каршы Россиялык чай саткан аялга түз сатканы турушат. Россияга сатуу коркунучтуу, баардык телефон компаниялары бир мамлекеттен болуп калса Кыргызстандын коопсуздугуна доо келет. Демек, бул да коррупция жыттанат. Кийинчерээк “Мегакомдун” баасын чыгарып, телекоммуникация менен ийгиликтүү иштеген эл аралык чоң компанияга сатса Кыргызстанга жаңы технология келмек

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: