Menu

Муратбек Бегалиев: «Зенона мени атак-даңк ээрчий электе, жөн гана Мурат болуп жүргөнүмдө сүйгөн»

Бөлүшүү:

Муратбек Бегалиев дегенде композитор, ректор, профессор, Кыргыз Республикасынын Эл Артисти, Токтогул сыйлыгынын ээси, Дүйнөлүк музыка академияларынын академиги деген сыйлуу адам көз алдыңа элестейт. Кыргыз элинин «Төгөрөгү төп келген мырзасы» деген накыл кеби агай үчүн айтылгандай элес калтырат. Мурат агай жөнүндө көптөн бери жазууну элестетип жүргөнүм менен дүйнөлүк аренадагы адамдын чыныгы жүзүн ачып берүү колумдан келер бекен деген ойлор мени түйшөлтпөй койгон жок. А бирок, кантсе да колумдан келишинче агай менен маектешүүнү эп көрдүм. Анда сөз өз орду менен болсун, замандаш.

— Агай, билишимче жеңебиз башка улуттун өкүлү болсо керек эле. Кайсыл сапаты менен сиздин сезимиңизди багынткан?

— Башка улут болгону менен баары бир адам заты эмеспи, улуту башка болгондугу эле болбосо жан дүйнөбүз келишип, бири бирибизге болгон адамдык асыл сапаттар, актилектер бириктирди. Зенона мени азыркы деңгээлге жете элегимде, мындайча айтканда атак-даңк ээрчий электе жөн гана Мурат болуп жүргөнүмдө сүйгөн. Ушул деңгээлге жетишиме ал кишинин салымы чоң.

— Сүйүү сатылат дегенге ишенесизби?

— Ишенем, чындап сүйбөгөн адам, сүйүү кадырын билбей жөн гана, атак-даңкка жетүү үчүн кимдир бирөөнүн сезимин курман чалып, сүйүүсүн сатып, адамзатынын чыныгы ыйык болгон сезимине доо кетирип, бак күтүүнү эп көрөт. Мен андай көрүнүштү сүйүүнүн саткыны дээр элем. Чыныгы адам деген асыл сапатка жооп берген инсан сүйүү саткыны боло албайт.

— Сүйүү барбы? Болсо кандай элестетесиз?

— Кызык суроо экен. Бар үчүн дүйнө сакталып турса керек. Сүйүү кайсыл доор болсо деле болот, болгону адамдардын көз каршы бир аз башкачараак болуп, сүйүүнүн формасын бир аз өзгөртүп алышы мүмкүн.

— Формасын дегенди кандай түшүнсө болот?

— Сүйүүнүн формасы деген — ​бул замандын агымына карап, адам баласы бир аз өзгөртүп алат. Мисалы алсак, илгери биз жаш кезде агаларыбыз жактырган кыздарына сезимин ак баракка чиймелеп кат жөнөтчү. Бизге окшогон мадыра баштар аларга почточунун милдетин аткарчу элек. Кат жазган агалар бул сырды эч кимге айтпа десе, мамлекеттик сырды жашыргансып эч кимге айтпай дердейип, мурдубузду көтөрүп калар элек. Жактырган кыздарын жолугушууга түнү чакырышчу Азыр заман башка, талап башка дегендей мурункудай кат ташышпай калганын, айткым келген.

— Сүйүү келип кетчү нерсе дегенге кошуласызбы?

— Улам-улам келе бергендей сүйүү деген жолдо жүргөн жүргүнчү эмес. Ал деген адамдын жан дүйнөсүндө жашаган ыйык сезим. Жүрөк түпкүрүндө катылып жаткан сезимди ар кимге арнап же болбосо жүрөктүн эшигин ар кимге эле ача берүү бул туура эмес деп ойлойм..

— Ушу тапта, кокусунан сүйүү келсе, кандай жол тутасыз?

— Ээ кокуй, ушул жашымда сүйүү келсе чимирилип бийлемек белем. Кечиккен махабат болуп кала берет. Сезимдер сересине серпиле турган жаштан өткөм.

— Ыр китебиңизди окусам, сүйүү тууралуу жазылгандай, буга кандай түшүнүүгө болот?

— Чыгармачыл инсан болгондон соң, эргүү келгенде чиймелеп калам. Ар кандай учурларда жазылган ырлар. Мисалы, самолётто баратып, поездге түшкөндө, кээ бирде машинада баратканда илхом келип жазылган ырлар. Сүйүү ырларына токтолсом, ал сөзсүз эле бирөөнү сүйүп калып анан чыгардым дегенден алыс болушубуз керек. Ал жөн гана учурдагы мындайча айтканда, кимдир бирөөнүн бирөөгө сезимин айталбай турганын байкап калсам, ошол адамдын көзү менен карап жазган ырларым да кездешет. Мен чыныгы акын эмесмин. Бирок дилиме келген кайрыктарды кагаз бетине чиймелей салып жүрөм.

— Чыгармачылыктан тажап, башка кесипти аркалагыңыз келген учурлар кездешкенби?

— Эми кандай десем, мурун музыканы түшүнбөгөн кээ бир төбөлдөрүбүз бут тосуп, канчалаган мээнеттерди баалабай, айлап-жылдап чогулткан чыгармалар элге жетпей калганда, өкүнгөн учурларым болгон. Бирок, ошол күндөрдө башымды жерге салып, кол куушуруп олтуруп калбай, аракеттенгениме азыр таң калам.

— Музыка сиз үчүн эмне?

— Мен үчүн, бүтүндөй бир өмүр. Музасыз атаар таңым батаар күнүм кунарсыз болуп калса керек эле. Тагдырыма музыка жазылып калганына кубанам.

— Канча жаштан баштап, музыка жазып баштагансыз?

— Мектеп курагымда «Жумгал вальсы» аттуу алгачкы тырмак алды чыгармам жаралган. Мектепте өткөн ар кандай кароо-сынактарда утуп алганым эмес, райондук деңгээлдеги сынактарда байгеге ээ болгонум, менин ыр дүйнөгө болгон алгачкы кадамым десем аша чаппасмын.

— Чыгармачыл кишилер кыялкеч келишет. Сизде да андай нерселер кездешеби?

— Бала күнүмдөн кайда болсо да чогуу жүргөн Жылдызбек аттуу досум боло турган. Күнү бою мектепте чогуу жүргөнүбүз аз келгенсип, түн ичинде да убакыттын көпчүлүгүн ар шылтоону айтып, бирге өткөрчүүбүз. Мына ошол досум экөөбүз бириккенде кандай канаттуу кыялдардын кучагына сүңгүп, кыял менен жерде гана эмес асманда учуп жүргөндөй элестетер элек. Бирибиздин кыялыбызды экинчибиз толуктап, турчубуз.

— Ошол бала кезде кыялданган кыялдар ишке аштыбы?

— Жаштын тилегин берет деп коёт элибизде. Бардык кыялдар ишке ашпаса да, көпчүлүгү чыныгы турмушта ишке ашып келе жатат.

— Муза дүйнөсүндө өз ордуңузду табууңузга, талант күчтүү болдубу же аракет көбүрөөк жумшалганбы?

— Адамды жаратканда ар бир пендеге өзүнө жараша талант ыроолойт экен. ошол талантты бапестеп, нан таап жесин дейт тура. Мен деле ошол Жараткан тартуулаган талантымды ташка чаппай бапестеп, талбай эмгектенип, ушул даражага жетип олтурам.

— Кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсыл кесипти тандамак элеңиз?

— Эми кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү берилбей калды го… Эгер кайрадан Мурат болуп жаралсам, дале болсо… музыканы тандамакмын. Мен музыка кайрыктары менен эриш-аркак жашоомду элестеткен инсанмын. Мага башка кесип, бөтөн жумуштун кажети жок деп айткым келет.

— Сиз чыгармачыл кишисиз, жеңе кызганганбы?

— Эми чектен ашып, алка жакадан алып кызганган учурлары болгон эмес. Бирок тирүү жан болгон соң, анча-мынча болот. Биз бири-бирибиздин сезимдерибизди сыйлайбыз.

— Эмнеден ырахат аласыз?

— Көп нерседен, ыр уккандан, жакшы киши менен сүйлөшкөндөн. Эң жакшы ырахат – кызым Бахиана менен убакытты бирге өткөрүү. Үйүмдүн жарыгы, жашоомдун маңызы ошол кызым.

— Жеңе кыргыз салтына көнө алдыбы?

— Көндү. Жашоого умтулган, үй-бүлө, очокту сактап калам деген аялзаты колунан келгенче аракет жасайт тура. Зенона ушул тапта кыргыздын каада-салтын, чемичкедей чагат.

— Саясатка кызыкпайсызбы?

— Саясатка кызыгыш үчүн, саясатчы болуп жаралыш керек го. А мен музыкант болуп жаралгам. Музыкант бойдон эле калганым дурус болор.

— Бала чагыңызга кайрылсаңыз?

— Балалыгым, айтылуу таланттарга бай Жумгал жергесинде өттү. Кызарттын буртулдаган чаңдарын кечип эс тарттым десем туура болчудай. Жайкысын салкын жайлоолордо, кымызга тоюп, көк шиберге оонап, түркүн-түстүү гүлдөрдү аралап, жаратылыштан таасирлендим. Менин чыгармачылыкка кадам коюшума чоң апамдын таасири чоң, ал киши жамакчы ырчы, куюлуштурган кошокчу эле. Ошол кишинин таасири көп өттү көрүнөт. Өз апам деле созолонтуп жакшы ырдачу. Негизи биздин үйдө ар убак музыка жаңырчу, ал гана эмес эң биринчилерден болуп патефонду ата-энем бизге сатып берген десем мактаныч болбосун. Кыскасы балалыгым башкалар сыяктуу айылда, тоо боорунда өттү.

— Дүйнөнү түрө кыдырган инсан катары айтсаңыз, башка өлкөлөрдө төрөлүп калбаганыңызга капа болгонсузбу?

— Жок. Эч качан андай ой болгон эмес. Миң жолу дүйнөнү багынткан, сулуулугу менен таң калтырган жерлерде болгонум менен, бары бир өз ата мекеним, өз киндик каным тамган жерлерим ыйык. Кыргызстанымдын сулуулугун башка өлкөлөргө теңебейм. Эми азырынча, экономикасы аксаган мамлекеттердин катарында болуп жатканыбыз жашыруун эмес. Бирок келечекте баары өз ордуна келет деп ишенем.

Кыскасы мен кыргыз болуп төрөлгөм. Кыргызстанда гана жашагым келет.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: