Menu

Кубанычбек Нурматов, депутат: «Үйдө негизги маселелерди келинчегим мени менен кеңешет»

Бөлүшүү:

— Кубанычбек агай, бал татым балалыгыңызга кайрылсак?

— Жакшы болот. Эч бир кир кол менен кармагыс, артка кайтарып алгыс балалыгым Араван районуна караштуу Маңгыт айыл өкмөтүндө өттү. Мен беш бир туугандын ортончусумун. Беш жашка чыкканымда Маңгыт айыл өкмөтүнө тайларымдын үйүнө көчүп барып ошол жерде жашап калдык. Биздин балалыгыбыз башкача беле же мага бала үчүн ошондой сезилгенби, айтор кызык күндөр өттү. Ал кездин учур талабы, көп нерсеге дилгирленген жаштардын көптүгү көңүл кубантчу.

— Мектептеги кызык күндөргө токтоло кетсеңиз?

— Маңгыт айыл өкмөтүндөгү мурунку аталышы М. Горкий атындагы сегиз жылдык мектепти аяктагам. Окуу жылы жаңы башталган кезден баштап эле пахта талаасына бет алчуубуз. Апакай шейшепке оролгон сымал ак пахталардын ичинде жүрүү өзүнчө эле керемет сезимдерди тартуулачу. Жайкысын эмгек лагери боло турган, эмгек лагерине барууга ар бирибиз ашыкчубуз. Классташтарымдын бары келечекте учкуч, космонавт, врач, айдоочу жана башка кесиптин ээлери болгулары келишчү. Ал эми мен болсо, окууну аяктагандан кийин куруучу болсом, китептерден көргөн тарыхый курулуштар сыяктуу, бийик мунараларды курсам деген кыялым бар эле?

— Кыялдар ишке аштыбы?

— Акырындык менен ишке ашууда.

— Эр жигит үй-бүлө күткөндөн кийин ата-эне экинчи планда калат дешет. Бул айтылган кептерге көз карашыңыз?

— Ар бир инсан үй-бүлө күткөн соң бир тууган, ата-энеден алыстап, өз үй-бүлөңдүн түйшүгүн тартып калаарың закон ченемдүү көрүнүш. Бирок, үй-бүлөлүү болуп алып ата апаны унутуп калды дегенге мен кошула албайм. Үй жайым бөлөк болуп, алыста жашаганым болбосо, ар дайым апам эсимде турат. Эненин орду бары бир бөлөк болот. Апамды сагынганымда барам. Барууга колум бошобосо чакырам дегендей.

— Атаңыздычы?..

— Мен беш жашка чыкканда ата-энем эки ажырым жолго түшүштү. Беш баланы апам жалгыз эрежеге жеткирди. Ошондуктан мен апамды өтө жакшы көрөм деп баса белгилегим келет.

— Атаңыз менен ошол бойдон көрүшпөдүңүзбү?

— Эми, турмушта ар кандай кырдаалдар кездешет тура. Ата-энемди тагдыр эки жээке сүрүп салгандан кийин, атам өзүнчө түтүн булаткан. Эми биз аларды сындоого акыбыз жок эмеспи. Ал да болсо, маңдайга жазылган тагдыр болсо керек. Кийин бой жетип ак-караны ажыраткан мезгилде атам менен катышып калдым. Азыр тууган-урук мекен алакам жакшы. Атамдын көзү өтүп кетти. Ак кепиндеп аруу жууп, өзүм зыйнатын өткөрүп, уулдук парызымдан кутулдум десем болот.

— Үй- бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Үй-бүлөлүүмүн. Келинчегимдин аты Айгүл. Алты уул, үч кыз, неберелерим бар. Кудайдын берген насиби менен, эл катары жашап жатабыз.

— Кээ бир жигит апасындай аял алууга умтулат дешет?.. Сизда келинчегиңизди апаңызга окшотуп издегенсизби?

— Ар бир жигит үчүн апасы идеалдуу болот. Ошондуктан апасындай идеалдуу жар тандагысы келет. Илгертен элибизде айтылган бир жакшы кеп бар. “Келин жаман эмес, келген жери жаман” деген. Келин да бирөөнүн бүлөсү, жаңы босогону аттаган келинге жакшы тарбия берип бүлө кылып алсаң, ал сөзсүз идеалдуу аялзаты болуп чыга келет. Ал жагынан апам жакшы мугалим. Келиндерин өзүндөй камкор, күйүмдүү кылып тарбиялай алды. Кудайга шүгүр жубайым жакшы инсан, жашоомдогу кеңешчим, жөлөгүм, сынчым деп айта алам.

— “Бейиш эненин таман астында” — ​деген сөзгө кандай түшүнөсүз.

— Эненин баскан изи балдарына өрнөк, артынан балдар ээрчип келет деген маанини камтыйт. Психо-физиологиялык жактан алып караганда, таманда эң көп рецепторлор жайгашкан, эненин ден соолугу жана баланын келечеги тамандан көз каранды. Эне менен баланын ден соолугунун чың болушу бейиште жашагандай болгондугун билдирип турган тарбиялык жагы бар. Ошол эле учурда, эң негизгиси, энеге болгон сый, урматтоо мамилени камтыйт. Бул эң туура, таамай айтылган, мааниси терең сөз

— Үйдө ким башчы?

— Үйдө негизинен мен башчымын. Бардык негизги маселелерди келинчегим мени менен кеңешет. Тууган-урук, дос-жардын, тааныштардын карым-катнашын келинчегим тейлейт. Себеби аял киши көзөмөл болот эмеспи.

— Бакыт менен байлыктын айрымасы кандай?

— Экөө эки башка. Байлык бул утурумдук нерсе, колдун кири десем да болот. Ал эми бакыт бул көп нерсени өзүнө камтыган жашоонун бир бөлүгү экенин айткым келет. Бакыттын ичинде баары бар да, сүйүү, байлык, ден-соолук, достук, ынтымактык деги койчу ошонун баары чогулуп бакыт деп айтылат.

— Бакыт сиз үчүн?

— Бакыт мен үчүн, алты санымдын амандыгы, эли-журтумдун, үй-бүлөмдүн жалпы эле кыргыз элимдин тынчтыгы. Алардын бакубат жашоосу деп билем.

— Чоң ийгиликти багынтуу үчүн эмне керек? Байлыкпы, акчабы же болбосо акылдуу жарбы?..

— Бийиктикти багынтуу үчүн, биринчиден ата-эненин куюп койгон бекем фундаменти керек. Фундамент жакшы курулбаса, сенин акчаң же акылдуу аялың деле эч нерсе жасап бере албайт

— Жаш жеткинчектерге, жалпы эле жаштарга күйүмдүү депутат катары билебиз, жаштар үчүн көргөн аракеттериңизге өкүнбөйсүзбү?

— Жок. Жаштарга колумдан келишинче шарттарды түзүүгө бел байлайм. Мен ал аракеттериме өкүнмөк тургай кайра кубанам. Жаштар биздин келечек муун. Бүгүнкү окуучу эртеңки келечек же туура мааниде айтканда эртеңки президент, депутат. Министрлер ушулар. Ошондуктан аларга туура багыт, туура тарбия берүү биздин милдет деп эсептейм. Аларга туура тарбия берүү менен биз Кыргызстаныбыздын келечегин түптөйбүз деген ишенимдемин.

— Шаар жаштары менен айыл жаштарынын ортосунда бир топ ажырым пайда болду дегендерге көз карашыңыз?

— Көз карашым түз. Чын эле ажырым бар. Биз эгемендүүлүктү алган жылдардан бери чоң айрымачылыктар пайда болгонун мойнубузга алышыбыз керек.

— Мисалы…

Мисал келтире турган болсок, шаар жеринде мектептер күчтүү, окуучулар үчүн көп шарттар түзүлгөн, ал эми айыл жаштары бул мүмкүнчүлүктөн артта калды. Ошондуктан учурда айыл жаштары менен шаардыктардын арасында көп өзгөчөлүктөр бар.

– Жогорку кеңешке келгендеги негизги максатыңыз?

— Эл-жериме ак кызмат кылуу. Замандаштарымдын талаптарын орундатуу. Жардам колун созуу.

— Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

— Көбүнчө чет элдик жазуучулардын китептерин окуйм. Китеп окуудан рахат алам.

— Эки аялдуулукка мыйзам жол берсе, үйлөнөт белеңиз?

— Жок. Үйлөнгүсү келгендер мыйзамды күтпөй үйлөнө берет. Мага ушул жашоом жетет. Токол алганды коюп, балдарыма татыктуу тарбия берсем, менин утушум ошол болот. Мен жетпеген ууз кыялдарга балдарым жетсин деген изги тилектерим бар.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: