Menu

Amnesty International: Өзбек журналисти Абдуллаевдин өмүрү коркунучта

Бөлүшүү:

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму камактагы өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаевдин өмүрү коркунучта экенин билдирип, коомчулукту аны коргоо акциясын өткөрүүгө чакырды. Уюмдун билдирүүсүндө Өзбекстан «жарандардын сөз эркиндигин жана тынч жыйындарды өткөрүү укуктарын кескин чектеген» өлкө катары көрсөтүлгөн.

Ушул жылы 27-сентябрда Ташкентте кармалган 44 жаштагы Бобомурод Абдуллаев бийликти басып алуу жана конституциялык түзүлүштү бузуу максатында кутум уюштурган деп айыпталууда.

Уюм 7-октябрдагы билдирүүсүндө журналист буга чейин кыйноолору жана кемсинтүүлөрү менен белгилүү тергөө абагында кармалып турганы айтылат. «Ал жакта анын катуу кыйноолорго алынып, адамгерчиликсиз мамилелердин түрлөрүнө кабылуу коркунучу өтө жогору», – деп жазылган билдирүүдө.

Amnesty International активисттерди көз карандысыз журналистти коргоо акциясын баштоого үндөдү. Уюм каалоочуларды акцияга кошулууга жана журналистти бошотуу талабы менен ар түрдүү тилде билдирүүлөрдү жазууга чакырды.

Соттун аныктамасында айтылгандай, Абдуллаев «Өзбекстан элдик кыймылынын» өкүлү катары анын жетекчиси Мухаммад Салихтин көрсөтмөсү менен 2011-жылдан бери интернетте Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүн бузууга багытталган макалаларды таркатып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: