Menu

Аксы РИИБнин кызматкерлери оор кылмыштын бетин ачышты

Бөлүшүү:

24-сентябрь күнү кечинде Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, белгисиз аялдын жансыз денесин көргөнүн билдирген. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кербен-Таш-Көмүр автожолунун 42- чакырымына келишип, киши колдуу болуп өлгөн белгисиз аялдын жансыз денесин табышкан. Тергөө учурунда өлгөн аялдын өздүгү такталып, ал Таш-Көмүр шаарынын 44 жаштагы жашоочусу жана экинчи топтогу майып экендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Аксы райондук РИИБи Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгошуп, иликтөө иштерин башташкан. Күбөөлөрдү табууга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш иши болгон аймакта жайгашкан малчылардын үйлөрүндө жашаган тургундарды суракка алышып, натыйжасында, кылмышка шектүү катары Таш-Көмүр шаарынын четинде жашаган 58 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. Маалымат боюнча шектүү ушул эле аймакта бирөөнүн малын багат. Аталган кылмыш иши спирт ичимдигин ичкенденген кийин болгон. Бир нече адам чогулуп алып, спирт ичимдигин ичишкен, анын ичинде өлгөн аял дагы бар.

Кийинчерээк калганы тарап үйлөрүнө кетишип, кылмышка шектүү менен жабырлануучу аял гана калган. Ортодон чыккан чырдан кийин, аялдын денесине оор жаракат келтирип, таштап кетип калган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү сарайдан уктап жаткан жеринен кармалган. Тергөө учурунда кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолгону такталган. Советтик союз учурунда дагы 108-беренеси (зордуктоо) боюнча сот жообуна тартылган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: