2017-жылдын 6-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районунун Токтогул шаарынын 33 жаштагы А.А. аттуу тургуну шектүү катары кармалып, текшерүү учурунда ак түстөгү пакеттин ичинен 10 даана желим бөтөлкөгө (бокалажга) салынган өзгөчө жыты бар, шектүү заттар табылган. Бул туурасында Жалал –Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында 3 килограмм гашиш жана 2 килограмм марихуана баңгизаты аныкталган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ал эми шектүү Токтогул РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандардын өздүгүн аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ