Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Мусулмандарынын Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовду Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн “Достук” ордени менен сыйлады. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти 2017-жылдын 30-августта социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ