Menu

Түркмөн президенти кайрадан социалдык жеңилдиктерден баш тартууга чакырды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти 9-октябрда өткөн Аксакалдар кеңешинин жыйынында электр кубаты, газ, суу жана тузга акырындык менен акы киргизүү керектигин жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар кабарлоодо.

Мамлекет башчы бул жеңилдиктер мамлекет экономикалык оор абалды башынан өткөргөн маалда киргизилгенин белгиледи. Түркмөн президенти жыл сайын калктын кирешеси жогорулап, жумушчу орундар түзүлүп, социалдык жеңилдиктерди алып салууга мезгил жетти деп эсептейт.

Жеңилдиктерден баш тартуу тууралуу алгачкы сунуш 2015-жылы Аксакалдар кеңешинин жыйынында айтылган. Кеңештин өкүлдөрүнүн бири жашоо-турмуш жакшырганын, эл газ, суу жана электр кубаты үчүн акы төлөөгө кудурети жетерин билдирген.

2017-жылы июнда президент жеңилдиктер системасын кайра карап чыгууну тапшырып, жардам калктын аярлуу катмарына гана көрсөтүлүшү керек экенин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: