Menu

Качанга чейин Атамбаев билген боткосун чала берет?

Бөлүшүү:

БШКга Президент А.Атамбаев боюнча экинчи арыз түштү. Атамбаевдин мыйзам бузуучулугу боюнча арызды жарандык активист Адил Турдукулов жазды. Арызда ажону өз досу, талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүттөгөнү үчүн жоопко тартуу талабы коюлган.

Анткени, 7-октябрда Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө бийликтин талапкерине жан тарткан, анын артыкчылыктарын баса белгилеген бир катар одоно калпыстыктарга жол берген.

Атамбаевдин шайлоо мыйзамдарын одоно бузуп, бийликтин талапкери С.Жээнбековго үгүттөгөн сөздөрү үчүн БШКга 31-августта да арыз түшкөн. Бирок БШК “анын кол тийбестиги бар” деген шылтоо менен арызды кароодон баш тарткан. Ушундай, кол тийбестигине таянып, мыйзамдардын алешемдиктерине, беренелериндеги карама-каршылыктарына жамынып өз билгенин кылган, эрежени атайылап бузуп, бирок жоопкерчиликтен буйтап кетип жаткан мындай көрүнүштөр ажо Атамбаев баш болуп, жер-жерлердеги айыл өкмөттөрүнө чейин миңдеп саналат. Бийликтегилер элди малга теңеп, өзүн-өзү билген, жоопкерчиликти унутуп койгон доордун аягы элдин тик туруп, тартипке катуу чакырып коймою менен аяктачу. Акыр түбү сурак болоор.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: