Ташкент юридикалык колледжинин студенти эки курсташы менен айтыша кетип, бычак менен кол салган. Алардын бири жеринде жан берип, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.
Окуя 6-октябрда юридикалык колледждин ашканасында болгон. Милиция кол салган студентти издөөдө. “Атайын киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Трагедиянын күбөлөрүнүн биринин айтымында, 3-курстун студенттери айтыша кетип, алардын бири курсташтарына бычак урган. “Бычактын мизи артерияны кесип кетти. Кан оргуп акты. Бала ошол жерде жан берди. Дагы бирөөнүн абалы оор”, – деди ал.
Колледж мугалимдеринин билдиришинче, маркумдун ата-энеси Орусияда иштешет. Кайгылуу окуянын катышуучулары тил табышпай, көптөн бери урушуп жүрүшкөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ