Menu

Видео – Тажик мигранттары Москвадагы өрттөн миллиондогон чыгым тартышты

Бөлүшүү:

Москвадагы “Синдика” соода борборунда чыккан өрттөн тажик ишкерлери ири чыгымдарды тартышты. Бул тууралуу 9-октябрда Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ишкерлер болсо ондогон миллион рубль чыгымга дуушар болушканын билдиришүүдө. “Синдика” соода борборунда иштеген Мухаммадрасул Холовдун айтымында, өрт Тажикстандын 50 жаранына таандык товарларды жок кылган. Ал өзү 2,5 миллион рубль чыгым тарткан. “Мага башка замандаштарымдын 20дан 45 миллион рублга чейин зыян тартышканы маалым”,- деди ал.

Башка бир тажик ишкери Худойдод Жумаев туугандары менен 24 миллион рубль чыгымга учураганын айтты. “Бирок биздин товарлар кепилдендирилген, базардын жетекчилиги чыгымдардын баарын кайтарып берет деп үмүттөнөбүз”,-деди ал.

Маалыматтарга караганда, өрт кырсыгынан кийин базарда иштеген ондогон тажик мигранттары ишсиз калышты.

“Синдика” соода борбору жана курулуш базары жекшембиде өрттөнгөн. Жалпысынан 55 миң чарчы метр аянт күйүп кетип, комплекстин жарымы урап калган. Үч адам жабыркаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: