Menu

Адахан Мадумаров: “Качан ойгонобуз, кыргыз?”

Бөлүшүү:

8-октябрда Кочкор-Ата шаарчасында президенттикке талапкер Адахан Мадумаров шайлоочулар менен жолугушуу үчүн барганда, ал алдын-ала уюштуруп жаткан стадионго Сооронбай Жээнбеков да сценасын жайгаштырып, так ошол маалда, так ошол жерде дүңгүрөгөн музыка менен ез жолугушуусун баштап жиберген. Ага ыза болгон А.Мадумаров стадиондун сыртында өз алдынча жыйын курууга мажбур болгон. Ал жердеА.Мадумаров төмөнкүдөй сөздөрдү сүйлөдү:
– Мен ушул Сокени 12-октябрда, буюрса, КТРдин теледебатынан күтөм. Эркек болсо келсин ошол жерге. Мен ошол жерде бере турган суроолорум бар. Мына айтып жатат “биз бардык мамлекеттерден артта калдык” деп. Атамбаевиң айтпадыбы “бардык мамлекеттерден алдыга кеттик” – деп. Экөөң сүйлөшүп алып чыкпайсыңбы, жок дегенде? “Биз кошуналар менен мамилени аябай катуу бекемдеп атабыз” – дейт. Атамбаевдин кечээ Казакстан боюнча сүйлөгөнүн бекемдегениби? Бул анын Кыргызстан менен Казакстандын ортосуна от таштаганы. Эмнесин бекемдеп жатат? Жалаң элечек кийген, жалаң мугалимдер алдында отуруп алып кол чаап жатасыңар. Алты жыл башта да ушундай болуп кол чапкансыздар. Эки жыл мурда да
КСДП деп кол чапкансыздар. Натыйжада балаңардын пособиесин жок кылды. Натыйжада пенсияңарды жок кылды. Качан ойгоносуң, кыргыз?! Качан эсибизге келебиз?!

Мына ушул жерде Мадумаров менен жыйын болот десе таң эртеден баштап ушул жерде той болуп жатат. Эмне үчүн? Себеби, Мадумаров келгенде сүйлөгөн сөзүн түшүнбөй калышсын деп ойлошот.

Молдомуса Конгантиевге айтайын. Бети-башыңды талкалап, ушул деңгээлге жеткирип койгон ушул бийлик эле го.

Ташиевге айтайын. Эмне деген гана арамза сөздөрдү айтып, “аласы жыртылган” деп күлкүгө салганда сенин митингиңе Мадумаров келбеди беле, Камчы? Кайда кетип баратасың сен, эмне деп сүйлөп жатасың? Эмнеңе ишенип жатасың? Мен ачыктан-ачык айтам. Же калп сүйлөп жатамбы?

Келдибековдун балдары “Сооронбай” деп жүрөт дейт. Келдибековду камаганда Алайдын эли жол тосуп, ошол жерде картайган кемпир-чалдар бир чыны ысык чай берели деп казан-табакты жыйганда Сооронбай барып казандарды ыргытпады беле көчөгө? Кантип Сооронбайдын аркасынан жүрөсүң? Качан ойгоносуң кыргыз?

“Мен тазамын” дейт. Таза болсоң Абдылда Капаров эмне үчүн түрмөдө жатат? Себеби “3 млн долларды Жээнбековдун колуна карматканмын, мени сабап алып кетти” дегени үчүн камалып жатат. Эмнеси таза? Таза болсо, мына бүт бардык көчөдө сүрөттөрү илинип турат тишинин агын көрсөтүп. Билесиңерби алар канча миллиондогон сом? Мынча акчаны кайдан алды? “Зоотехник, мугалим болуп иштегенмин” – дейт. Мугалим болуп иштесең, билишиң керек. КТРден чыккан бир мүнөттүк реклама 32 миң сом турат. Ал – мугалимдин алты ай жебей-ичпей топтогон акчасы. Багымдаттан баштап куптанга чейин “Сооронбай, Сооронбай” дейт. Кайдан чыгып жатасың таң аткандан күн батканга чейин? Кайдан, ким төлөп жатат ал акчаны? Ойлонолу, кыргыздар, ойлонолу! Дагы бетин табактай кылып “анча-мынча акчага азгырылбагыла” деп айтат.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: